Башпрокурордун кетишине каршы добуш бергендер кимдер?

Башпрокурордун кетишине каршы добуш бергендер кимдер?Бүгүн Жогорку Кеңеш Башпрокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алды. Жыйынга катышкан 111 депутаттын 107си добуш берүүгө катталган. КСДП фракциясынан Ирина Карамушкина менен Марат Аманкулов, Осмоновалар жыйынга катышканы менен, добуш бербей коюшкан.  «Ата Мекен» фракциясынын бир мандаты, тагыраак айтканда, Аида Салянованын орду бош.

Депутат Исхак Масалиев биздин тарыхта биринчи саясий жаңылык болуп, Баш прокурор кызматтан кетип жатканын баса белгиледи.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев Баш Прокурордун тергөө функциясы алынып салынганын, ошол себептен ал статистика менен гана отуруп калгандыгын, келечектеги Башкы прокурор саясий заказды аткарбагандай болушу керектигин айтты.

Депутат Алманбет Шыкмаматов  Баш прокурордун тагдыры чечилип калганда, аны талкуулабай, добушка коюну сунуштады.

Депутат Жанар Акаев бул башкаларга сабак болгудай кыдып, адам тагдыры менен ойноп отургандар жооп бериши керектигин айтты.

Депутат Каныбек Иманалиев “Качкан жоону… “  саят дегендей, ушул Башкы прокурорду дайындоого да Жогорку Кеңеш катышкандыгын айтып келип, “Ата Мекен” фракциясынын чечимине колдоп берген “Республика-Ата-Журт” фракциясына ыраазылыгын билдирди.

Депутат Акылбек Жапаров Президенттин Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүнөн мисал тартып, Башкы прокурор эле эмес, козголгон 650 ишти тергеген тергөөчүлөр, соттор да жооп бериши керектигин айтты.

Ал эми добуш бергендердин ичинен эки депутат «Каршы» добуш беришкен. Мунун бирөө — Аалы Карашев, Индира Жолдубаеванын жездеси, бирөө — Асель Кодуранова (КСДП).

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты