Индира Жолдубаева отставкага кетти. Өзү парламентке келбей койду

Индира Жолдубаева отставкага кетти. Өзү парламентке келбей койдуЖогорку Кеңеш бүгүн Башпрокурор Индира Жолдубаеваны отставкага кетирди. Добуш берүүгө катталган 107 депутаттын 105и макул деп добуш берген. Эске салсак, буга чейин Президент Сооронбай Жээнбеков ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетке Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушун жиберген болчу. Бул сунушка коррупция менен күрөш боюнча Коопсуздук кеңештин жыйынында айтылган сындардан эч кандай жыйынтык чыгарган жок деген негиз айтылган. Комитет бул сунушту колдоп, аны жалпы депутаттардын кароосуна жиберген болчу.

Жыйынга Индира Жолдубаева өзү келбей койду. Депутаттар ал келбегенден кийин бул ишти талкуулабай туруп эле добуш берүү сунушун көтөрүп чыгышты. Сунуш колдоого алынып Индира Жолдубаева кызматынан кетти. Эл өкүлдөрү мындай процедура менен Башпрокурорду парламент биринчи жолу кызматтан алып жатканын белгилешти.

Индира Жолдубаеванын кызматтан кетиши анын туулган күнүнө туш келди. Бүгүн ал 39 жашка чыкты.

ЖК депутаты Жанар Акаев аны кызматтан алып эле коюу оңой жаза болорун, акыркы кеткен чиновниктердин жасаган иштери боюнча жоопкерчилик каралышы керектигин белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты