«Түштүк-Кыргыз цемент» келишимдерге жана кыргыз мыйзамдарына ылайык иштеп жатат

«Түштүк-Кыргыз цемент» келишимдерге жана кыргыз мыйзамдарына ылайык иштеп жататКомпания ишмердүүлүгү жана продукциясынын баасы тууралуу кеңири малымат таркатты.

Анда «Түштүк-Кыргыз цемент» ЖАКсы Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун бир катар милдеттерди аткарбай жатат деген дооматына негиз жок экенин расмий билдирет. Ишкана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык гана иш жүргүзүп келери айтылат.

«Түштүк-Кыргыз цемент» үчүн Кыргызстандын рыногу негизги жана стратегиялык рынок болуп кала берери баса белгиленет. 2017-жылдын декабрь айында ички рыноктогу цементтин баасынын (арзандатууларды эске алуу менен) бир тоннасы 4 миң 464 сомду түзсө (болжол менен — 63-65$), экспорт үчүн 45$ болгон.

Монополияга каршы көзөмөл боюнча мамлекеттик агенттиктин катына берген жоопто Өзбекстанга экспорттолчу цементбаасы жаңы рынокко өздөштүрүү жана аны кармап калуу аракетине байланыштуу экени түшүндүрүлөт.

Маалыматка караганда, ички рынокто суроо-талап төмөн жана курулуш сезону кыска.  Кыргызстандан айырмаланып, коңшулаш Өзбекстанда суроо-талап алда канча жогору жана цемент иштетүү сезону 9-10 айга чейин созулат. Калкты жумуш менен камсыз кылып, өндүрүштүн токтоп калуусуна жол бербөө максатында жаңы экспорттук багыттар киргизилгенин белгилешет.

Мындан сырткары, “Түштүк-Кыргыз Цемент” ЖАКсы жыл сайын жергиликтүү жана башка жааматтарга туруктуу каржылык жардам дагы көрсөтүп келет. Атап айтсак, компаниянын жардамы менен акыркы жылдары бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашып, социалдык объектилер курулуп, жергиликтүү ооруканага ремонт иштери жасалган.

Маалымдама:“Түштүк-Кыргыз цемент” ЖАКсы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жайгашып, жогорку сапаттагы цементтерди өндүрөт. Заводдо 550 адам эмгектенет, алардын 98%ы кыргызжарандары. Заводдун кубаттуулугу аймакты толугу менен сапаттуу жана кымбат эмес цемент менен камсыз кылууга жетет.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты