Мурадыл Мадеминов, ЖК депутаты: “Атамбаев жасап жаткан иштерди көрмөксөнгө салган Кудайга деле жакпайт”

Мурадыл Мадеминов, ЖК депутаты: “Атамбаев жасап жаткан иштерди көрмөксөнгө салган Кудайга деле жакпайт”— Коалициялык көпчүлүк өкмөттүн отчетун уктуңуздар да, сиздин пикириңизде  Өкмөт кандай иштеди, кандай жакшы иштерди жасады?
— Массалык маалымат каражаттары элге жеткирди да өкмөттүн отчетун, премьер-министр, мына мен эки чакырылыштын депутаты катары айтайын, 5-6 премьер-министр болсо бардыгынын отчетун угуп, кабыл алып жүрөбүз. Бирок Сооронбай Жээнбековдун отчету өзгөчө мазмундуу, ар бир тармакты өз-өзүнчө бөлүп, ошонун жетишкендиктери, кемчиликтерин кошуп, ошол эле учурда канчалык кыйын болсо да өсүш менен чыкканын доклад жасады. Ошондуктан коалициялык көпчүлүк ошону бир добуштан колдодук. Өзүңүздөргө белгилүү мына биз Евробиримдикке кошулдук, дагы Бажы биримдигине кошулдук, бул нерсенин жакшы жактары да бар, ошол эле учурда жаман жактары да бар. Бирок бүгүнкү күндө, ошол эле премьер-министрдин отчетунда дагы, Россия Федерациясынан биздин жарандарыбыздын которулган акчалары  Өзбекстан, Тажикстан, сыяктуу кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу 2 млрд долларга чыгыптыр, бул Россияда экономикалык туруксуздук болуп жаткан учурда ушундай көрүнүш болуп жатат. Бул да болсо биздин жарандардын Кыргызстанга болгон инвестициясы деп кабыл алышыбыз керек. Өзбекстанда бул которулган акчанын көлөмү түшүп кетти, Тажикстанда да ошондой. Биз ошонун баарын камтып, анан өзүбүздүн ички айыл чарбасынын дагы өсүшүн көрсөтө алдык. Өнөр жай, ошол эле Россиянын, Казакстандын рыногуна багытталган текстилдик өнөр жай, айыл чарба продукциялардын көлөмүнүн өсүшү экспортко чыгып атканын докладында камтып кетти. Бул жакшы көрсөткүч. Ошон үчүн премьер-министр мобилизация жасай алды деп баа бердик.

— Оппозиция жыйынга чогулуп, “бийлик менен оппозициянын ортосунда чыңалуу болуп атат, муну бийлик өзү жасап атат” деп айтышты. Сиз буга кошуласызбы? Ушундай кырдаал түзүлүп атабы?
—Мен  буга каршымын.  Бул азыркы абалга туруктуу келбеген сөз деп кабыл алам. Эми оппозициянын жумушу ошондой да, азыркы бийлик, президенттин жасап жаткан жакшы иштерин көрмөксөнгө салып “жаман” деп айткан Кудай алдында күнөө, алар азыркы президентти жамандаардан мурда, 91-жылдагы бийлик, Акаев, Бакиев учурундагы абалдагы  бюджеттин абалын, көлөмүн, экономикасын эсепке алып туруп, анан Атамбаев башкарган учурун салыштырса туура болмок деп эсептейм. Себеби, 20 жылда завод-фабрикалар, айыл-чарба баары талкаланды, электр энергия кошуна мамлекеттерден көз каранды абалга жетти. Өзүбүздүн суубузга өзүбүз ээ болбой, Ташкенттен башкарып калган учур болгон. Мына ушуларды эсепке албай туруп, азыр Атамбаев жасап жаткан бир топ жакшы иштерин көрмөксөнгө салып, жамандаган туура эмес деп эсептейм. Мына бүгүнкү күндө электр энергия боюнча көз карандысызга жетиштик. Ошол эле учурда “Газпромду”  бир долларга сатканыбыз менен, ал Кыргызстанга   бир млрд доллар инвестиция алып кирип, азыркы күндө бул түндүк регион болобу, түштүк регион болобу, бул проблеманы эч ким сүйлөбөйт, газ жок же газ кымбаттады деп. “Айгүл таш-Самат” жогорку чыңалуудагы электр линиясын, “Датка-Кемин” подстанциясын бүтүрдү, 20 жыл бою Баткен облусунда, мен сиздерге чынын айтайын, жол деген жок болчу, мына бүгүнкү күндө Кадамжайдан Исфанага чейин сонун жол жасалып атат.

— Акыркы учурда саясатчылардын камалышын саясий куугунтук деп баалап жатышат. Сиз кандай пикирдесиз, мисалы, Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун камалышы боюнча…
— Эми оппозиция дайыма кылмышты дагы саясий өңүткө буруп туруп, элдин, коомчулуктун көңүлүн буралы деп адатка айлантып алган көрүнүш. Мисалы, тоок уурдаган, мал уурдаган бул кылмыш, алар түрмөдө отурат. Жөн жерден элди үгүттөп, бийлик жаман деп ар кандай нерселерди ойлоп таап, анан милицияларга чыгып алып таш ыргыткан бул мыйзам бузуу болуп атат го… Садыр Жапаров мурда жасаган кылмышы үчүн кармалып атат, саясий өңүткө буруштун кереги жок, статьясы боюнча ошого жараша чара көрүлүшү керек. Ал эми Текебаев боюнча айтсак, биз 2010-жылы революциядан кийин сот тармагында реформа жасайлы деп бир топ иш-аракеттерди жасаганбыз, мен ал кезде жаңы келген депутат болчумун, прокуратура, сот, укук коргоо тармагын реформа жасоодо ошол депутаттардын башында Текебаев турган, бардык жол-жоболорун өзү башында туруп иштеп чыккан. Эми ошол көз карандысыз соттор Текебаев кылмыш жасаган деп эки айга кармап атса аны бийликке оодара салган бул туура эмес деп ойлойм.

— Баягында Жогорку Кеңештин жыйынында экөөңүздөр мушташып кетпедиңиздер беле. Балким азыр пенделик кылып аткандырсыз…
— Жок, мен Дене тарбия жана спорт деген институтту кызыл диплом менен аяктагам. Ал жерден мен сөз аркылуу чечип алгыча, боксердук рингге чыгып  эркекче чечип алганды туура көрөм. Тиги киши Өкмөт отчет берип атканда, ал жерде 120 депутаттын өз орду, добушу бар да,  алардын оюн укпай “мен чечем” дегендей сез көрсөттү. Ошонун артынан түшүнбөстүктөр келип чыкты, мен да ага карата жооп бердим, экөөбүз тең кызыл кандуулукка алдырдык.  Мен жаш депутат элем, ал киши тажрыйбалуу депутат эле, кийин бири-бирибизди кечиришкенбиз.

Акылбек Чынтемиров

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты