Жарандык активисттер сот реформасын талкуулоодо

Жарандык активисттер сот реформасын талкуулоодо«Кыргызстандагы сот бийлигинин абалы жана аны реформалоонун жолдору»,- деген аталышта тегерек стол өтүп жатат. Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык активистер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү сот тармагындагы мүчүлүштүктөрдү талкуулап, канткенде сот адилеттүүлүгүнө жетсе болот деген теманын айланасында талкуу жүргүзүшүүдө. Укук коргоочу Рита Карасартова учурда сот реформасын жылдырууга ыңгайлуу учур келгенин айтты. “Биз, жарандык активисттер Президентке керек болсо жардам берели. Азыр ушундай мүмкүнчүлүк пайда болуп жатат. Дүйнө жүзүндөгү практикада жаңы бийлик келгенден тартып 9 айдын ичинде жасалган өзгөртүүлөр чынында жакшы жакка иштеп кетери далилдениптир. Биздин төрт айыбыз өтүп кетти, эми калган учурда жакшы өзгөртүүлөрдү жасаганга жетишип калалы” деди укук коргоочу.

Бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер сот иштери аркылуу саясый куугунтукка туш болгондорун дагы айтып беришүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты