Түркияда иштеген кыргызстандыктар эки өлкөнүн пенсиясын алышат

Түркияда иштеген кыргызстандыктар эки өлкөнүн пенсиясын алышатКыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркия башчысы Рэжеп Тайып Эрдоган социалдык камсыздандыруу боюнча тарыхий келишимге кол коюшту. Бул тууралуу кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Түркияга сапарынын жүрүшүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Түркия менен кол коюлган социалдык камсыздоо жаатындагы келишимге ылайык, эки өлкөдө иштеп, камсыздандыруу акысын төлөгөн жарандар эки жактан тең пенсия алышат.

Жээнбеков Анкарадагы сапары жемиштүү өтүп жатканын айтып, түрк президенти менен эки өлкө ортосундагы жана эл аралык олуттуу маселелерди талкуулаганын билдирди.

Президент Түркия менен кызматташтыкты күчөтөөрүн белгилеп, бул жолку сапар эки тарапка тең жаңы дем бергенин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Түркияга расмий сапар менен 9-апрелде барды. Сапардын жүрүшүндө түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуп, сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында экономика, инвестиция, айыл чарба, спорт, социалдык камсыздандыруу жана маалымат чөйрөсүндөгү алты документке кол коюлду.

Жээнбековдун сапары бүгүн дагы уланат. Анда түрк премьери жана парламент төрагасы менен сүйлөшүү өткөрүп, Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу каралган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты