Өмүрбек Текебаев ооруканага чыгарылат

Өмүрбек Текебаев ооруканага чыгарылат «Ата Мекен» партиясынын камакта отурган лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн текшерүүдөн өтүү үчүн кардиологиялык борборго чыгарылат. Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты. Маалыматка караганда, Текебаевге аталган борбордон кардиограмма жасалат, анын жыйынтыгы менен дарыгерлер консилиум кылып, борбордо калып дарылануу керекпи же жокпу чечишет. Акыркы учурда Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары анын ден-соолугунда кооптонуулар бар экенин айтып, дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылып келишкен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты