Эрдоган Жээнбеков менен жолугушууда “гүленчилер” темасын козгоду

Эрдоган Жээнбеков менен жолугушууда “гүленчилер” темасын козгоду

Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде Анкара шаарында жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык, кыргыз-түрк мамилелерин талкуулады.

Түрк президенти ошондой эле өз сөзүндө «2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат» деген диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылы Кыргызстан үчүн да кооптуу деп, кыргыз президентин аларга чара көрүүгө чакырды:

— Биздин жакын кызматташтык, тилекке каршы, 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин ар түрдүү сыноолорго туш келди. ФЕТО өзүнүн таасири астындагы кишилер аркылуу ушул кызматташтыгыбызды ууландырууга жана бузууга аракет кылды. ФЕТО мүчөлөрү жана ага жакшы карагандар Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар түркүн чагым салганга аракет кылды. Президент Жээнбековдун бүгүнкү сапары ФЕТОнун бул аракеттерине каршы эң жакшы жооп деп ойлойм. Ушул себептен муну баса белгилеп кетейин. Түркия ФЕТОнун акыркы мүчөсү мыйзам алдында жооп бергенге чейин өлкөнүн ичинде жана тышында бул уюмга каршы күрөшүн улантат. 551 жараныбыздын канын төккөн, дагы 29 жараныбызды өлүмгө учураткан бул мыкаачылардын колдорун бош коюп эркин жүрүшүнө жол бербейбиз. Кайда качса да, кайсы ийинге кирсе да аларды кулагынан кармап, укук коргоочуларга тапшырабыз. Түркиядагыдай эле Кыргызстан үчүн да коркунуч болуп турган бул уюмдун башчыларын кармап тамырын жулуу президенттер катары биздин моюнубуздагы милдет болуп эсептелет. Бул уюм бүгүн бизге кылганын эртең Кыргызстанга да жасайт. Бетме-бет жана делегациялар ортосунда болгон жолугушууларда да ушул темаларды карап чыктык.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков «гүленчилер» боюнча маалымат жыйынында эч кандай пикирин билдирген жок.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык делген Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка кескин каршы жооп берген жана түрк лицейлеринен өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч жоктугун айткан.​ Эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.

“Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен алар “Сапат” болуп өзгөргөн.

Түркияга 9-апрелде расмий иш сапары менен барган кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду Анкарадагы «Эсенбога» аэропортунда вице-премьер-министр Хакан Човушоглу баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алган.

10-апрелде Кыргызстандын мамлекет башчысы Түркиянын өкмөт башчысы Биналы Йылдырым жана Улуу улуттук кеңештин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты