Айрым аймактарда үшүк жүрөт. Бир жумага карата аба ырайы
- 7 лет мурун
- Блог
Аптанын алгачкы күндөрү жер-жерлерде жаан, тоолуу райондорго кар жаап, айрым аймактарда үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, аптанын алгачкы күндөрү жер-жерлерде жаан, тоолуу райондорго кар жаап, үшүк жүрүшү күтүлөт.
9-10-11-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүз 13…18 градус жылуу болот. Чүй менен Таласта 9…14, Нарын менен Ысык-Көлдө 8…13 градус нөлдөн жогору. 10-11-апрель күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн абанын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөп үшүк жүрүшү мүмкүн.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
12-13-апрелде жаан-чачын болбойт. Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүн илеби күндүзү 19…24 градуска көтөрүлөт. Ысык-Көл жана Нарында салыштырмалуу салкын, күндүз 14…19 градус жылуу болот. Ал эми Чүй жана Талас облустарында 18…23 градуска жылыйт.
14-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 15-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот.