Асанбай кичи районундагы жол кырсыгы. Аял каза болду (видео)

Асанбай кичи районунда 25 жаштагы айдоочу унаасын башкара албай, аялдамага кирип кетип, анда турган аял ошол жерден каза тапты.

Кырсык бүгүн, 9-апрель күнү болжол менен таңкы саат алтылар чамасында болгон.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 25 жаштагы айдоочу унаасын башкара албай калып, аялдаманы жана анда турган аялды сүзгөн. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берип, аялдама талкаланып кеткен.

Материалдар Октябрь райондук тергөө бөлүмүнө берилип, иликтөө иштери башталды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты