Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты: “Буудайдан салыкты алып салды, кыйраттыбы? 3-4 “мукамолдун” чөнтөгүн толтуруп берди”

Кенжебек Бокоев, ЖК депутаты: “Буудайдан салыкты алып салды, кыйраттыбы? 3-4 “мукамолдун” чөнтөгүн толтуруп берди”Жогорку Кеңеш Өкмөттүн бир жылдык отчетун угуп жатат. Оппозициялык депутаттар өкмөт бюджетти аткара алган жок деп сын айтса, коалициялык көпчүлүк министрлер кабинети татыктуу иш алып барууда деген ойдо.

Өкмөттүн отчетун комитетте угуп жатып, сиз бюджетти аткара алышпаганын айттыңыз. Кантип аткара алышпай калыптыр?
— Ар бир жылдын бюджети, ошонун ичинде 2016-жылдын бюджети – бул мыйзам. Өкмөт өзү ошол мыйзамды алып келет, биз бекитип беребиз. Кечээ комитет жыйынында Өкмөт башчы айтып атат “Силер кабыл алып берген бюджет” деп. Ал долбоорду өкмөт өзү алып келет да, биз анча-мынча пикирлерибизди кошуп, бекитип бергенбиз. Бирок алар октябрь айында кайра алып келип, бир сыйра дагы өзгөртүүлөрдү киргизип бергенбиз. Ошону дагы аткара албай келип жатышпайбы. Демек, башынан эле бажы, салыктардан түшө турган акчалардан 11,5 млрдга жакын сомго аз табышты. “Салыктарды алып салды, тиги-бу” деп жатат. Салыктарды алардан мурда, мунун ордун эмне менен толтурабыз деп ойлонуу керек да. Мисалы, буудайдан салыкты алып салды, кыйраттыбы? 3-4 “мукамолдун” чөнтөгүн толтуруп берди. Мамлекеттин чөнтөгүнө акча түшпөй калды. Мыйзамда каралбаган статьялар менен 21-22 млрд сомду жумшап салды. Мындай көрүнүш буга чейин болгон эмес такыр. Андан кийин октябрда келип “Биз чыгым кылып койдук, ушуну эми бекитип бергиле” деп суранды, биз бекитип бердик. Бул Көчмөндөр оюндарына кеткен акча, Балыкчы-Корумду жолуна кеткен акча жана башкалар. Мына ушул кемчиликтерди айттык.

— Мунун жоопкерчилиги болобу?
— Мен ошону Премьер-министрден так сурадым. Мыйзамдар аткарылбай жатат деп. Эмне кыласыңар, кимди жоопко тарттыңар, кайсы министрди кызматтан кетирдиңер дедим. Жооп жок.

— Азыркы өкмөт отставкага кетет деген сөздөр болуп жатат. Мунун чындыгы барбы?
— Жогорку Кеңештин жыйынында жакында каралат. Мына ошол жерде чечилет. Депутаттар өкмөттүн ишмердүүлүгүнө кандай баа берери.

Акылбек Чынтемиров

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты