Тилек Токтоналиев, ишкер: «Күнүнө эки саат убакыт бөлүп айына миң доллар тапса болот »

Тилек Токтоналиев, ишкер: «Күнүнө эки саат убакыт бөлүп айына миң доллар тапса болот »Тилек Токтоналиев – дүйнөдө соода айлантмасы эң ири деп саналган “Амазон” интернет дүкөнүндө соода кылган кыргызстандык ишкерлердин бири. Тилектин негизги жумушу башка, интернет дүкөндө соодасына күнүнө болгону 2-3 саат убакыт коротуп айына 1000 доллардан ашык киреше таап турат. Ал бүгүн ПолитКлиника маалымат-аналитикалык порталына “Амазондо” соода кылуунун сырлары менен бөлүштү.

— Тилек, “Амазондо” соода кылып жатканыңарга канча убакыт болду? Ал жакта иштеп калышыңарга эмне түрткү болду?

— “Амазондо” иштеп жатканыма бир жылдан ашык убакыт болуп калды. Электрондук ишкерликке көптөн бери эле кызыгып жүрчүмүн. Бул учурда бир тааныш бала ал жакта соода кыла баштаган эле. Аны көрүп дагы кызыктым. Жарым жылдай маалыматтарды окуп, изилдедим. Акыры чечим кабыл алып, иштей баштадым.

 — Азыр соодаңар кандай болуп жатат?

— Соода Кудайга шүгүр, жакшы. Амазон – чоң рынок, бул дүкөнгө кардарлардын ишеними да зор. Анын үстүнө Америка экономикасы күчтүү өлкө. Америкадан сырткары, бул дүкөндөн Европа өлкөлөрү дагы соода кылат. Күнүнө бул интернет дүкөндөн 6 миллон адам соода кылат, секунд сайын 400 товар сатылып турат. Мен өзүм алгач бир түрдүү товарды киргиздим, андан кийин дагы эки түрдүү товар коштум. Алар үй тиричилигине, пикникке, спортко керектүү товарлар. Азыр дагы үч товар киргизсемби деген ойдо товарлардын өтүмдүүлүгүн анализдеп бүттүм. Азыр жеткирчү компаниялар менен сүйлөшүп жатам. Товарларды Кытайдан алып жөнөтөбүз.

— Мен деле “Амазонго” соода кылгым келет деген үйрөнчүктөргө кандай кеңеш бермексиз?

— Ар бир адам бул жакта соода кылып баштаса болот. Буга программист болуунун деле кереги жок. Англис тилин билбесең деле Google котормонун жардамы менен иштесең болот. Болгону компьютер менен интернет керек. Адегенде “Амазондо” иштөөнүн эрежелери менен таанышып алуу керек. “Амазондун” жакшы жери кардарларга товарларды өздөрү жеткирип турат. Биздин милдет — товарды алардын кампасына жеткирип, андан ары баракчабыз аркылуу товарды рекламалоо. Бир ньюанс бар, Кыргызстан “Амазондо” товар сата албаган өлкөлөрдүн катарына кирет, ошондуктан катталып жатканда башка өлкөнү тандап көрсөтүп коюу керек. Мисалы, Орусияны же Украинаны тандап койсо болот. Ал эми кайсы өлкөнүн атуулу экениңди, дарегиңди, банктык эсептериңди болгонун болгондой кылып эле Кыргызстандыкы кылып көрсөтө бересиң. Товар тандоо боюнча менин кеңешим, жаңы баштап жатканда өтө кымбат эмес, салмагы 1 килеге жетпеген, ыргытса сынбай турган, ачык категориядагы товар алгыла. Амазондо товарлар ачык жана жабык категорияга бөлүнөт. Жабык категориядагы товарларга атайын сертификаттар керек, аларды жибергенде анан сатууга уруксат беришет. Өтө оор эмес товарды жеткирүү жана “Амазондун” кампасында сактоо да арзаныраак болот. Ичинде суюктугу жок товар, электроникасы жок товар болсо жакшы. Анан ишенимдүү жеткирчү компания таап, ошолор менен келишим түзүп жеткире берсе болот.

Тилек Токтоналиев, ишкер: «Күнүнө эки саат убакыт бөлүп айына миң доллар тапса болот »— Амазондо соода кылуунун 3 түрү бар экен. Үчөөнүн айырмаларын түшүндүрүп берсеңиз? Анан сиз кайсы түрү менен соода кыласыз?

— Dropship деп коет, бул эң жөнөкөй түрү, алып сатарлык кылган түр. Online Arbitrage  деген бар, бул Dropshipтин өйдөрөөк түрү, товарды дүңү менен саткан сыяктуу жолу. Private Label түрүндө өзүнүн өндүргөн товарын сатат.

— Сыр болбосо канча каражат менен баштадыңар? Анан товарлардын санына чектөөлөр барбы?

—Акча жагынан алганда канчалык акчаң көп болсо ошончо жакшы. Азыраак акча менен баштайм десе dropship менен 100-500 доллар менен баштаса болот. Эгер Online Arbitrage  болсо 1000-3000 долларга чейин акча керек. Private Label менен баштайм десе 3000ден өйдө акча керек. Жаңы кирип жаткандарга бир айда 5000 даанага чейин кичине товар, 1500ге чейин чоң товар сатса болот деген чектөө бар. Эгерде жакшы соода кылып өзүн көрсөтсө, «Амазон” орунун көбөйтүп берет. Ал эми минималдык чектөө жок. Бир даананы деле сатсаң болот.

 —Биринчи товарыңар сатылганда кандай сезимдер болду?

— Алгач жибергенде мен 400 даана товар жибергем. Биринчи жолу сатылды деп билдирүү келгенде аябай кубанганым эсимде. Анткени, сатып алуучулардын товар тууралуу пикирлери жок болсо, Амазондо сатуу кыйын. Бир кардар товарыңызды көрүп аткан болсо, сөзсүз түрдө башка кардарлар кандай пикир жазыптыр деп карайт. Эгер оң пикирлер болсо алат. Меники такыр пикири жок эле сатылып кеткен. Бир жарым айда 400 даананы түгөтүп койгом. Биринчи товарды 500 даанага чейин эле жиберип текшерип көргүлө деп кеңеш берет элем. Ошондо көп жоготууга тушукпайсыздар. Жакшы өтүп кетсе кайра жибере берсе болот. Ошол эле учурда товарың баары сатылып кетип, кампа бошоп дагы калбаш керек, товар толук түгөнгөнчө кайра башка партияны жеткирип үлгүрүшүң зарыл.

— Өтпөй калган дагы товарлар болобу?

— Ооба, өтпөй калгандар, начар өткөндөр болот. Ошон үчүн кайсы товарларга суроо-талаптар жакшы экенин иликтеп алып анан баштоо керек.

— Амазон сатылган товарлардан кандай пайда көрөт?

— Амазондун кампасында товарыңызды сактаганыңыз үчүн төлөп бересиз, андан сырткары, алардын комиссиясына төлөйсүз. Алардын баасы товардын көлөмү, санына жараша болот. Амазондун сайтында атайын калькулятор бар, ошону менен эсептеп көрсөңүз болот алдын ала.

Тилек Токтоналиев, ишкер: «Күнүнө эки саат убакыт бөлүп айына миң доллар тапса болот »— Жеткирчү компанияларды кантип тандаса болот? Анан эмне үчүн Кытайдан жибересиңер?

— Кытайда бизге караганда логистика жакшы жолго коюлган. Анан дагы арзаныраак болот. Чындыгында андай фирмалар көп, бирок ишенимге кирген компанияларды тандап алабыз. Айрым компаниялар товарыңды жоготуп алып, алдап дагы кетиши мүмкүн да. Кыргызстанда бир жүздөй киши “Амазондо” соода кылат, алардын андан сырткары КМШ өлкөлөрүндөгү соода кылгандардын Фейсбукта атайын группабыз бар, бири-бирибиз менен пикир алышып, ишенимдүү фирмаларды сунуштап турабыз. Компанияны тандагандан кийин алар менен интернет аркылуу келишим түзөбүз. Акчасын дагы түзмө түз которбой, бир нерсе болсо акчаны кайтарып ала тургандай ыкмалары бар, ошолор аркылуу которобуз.

— Бир айда канча киреше таап жатасыз? Анан акчаңызды банк аркылуу которуп берип турабы?

— Орто эсеп менен миң доллардан ашыгыраак киреше таап жатам айына. Соодадан түшкөн акчаны эки жумада бир “Амазон” банктык эсебиңе которуп берип турат.

— Башка жумуш менен бирдей эле алып кетсе болот турбайбы ээ?

— “Амазондун” жакшы жери башка жумушта иштеп жатып деле жасай берсе болот. Күнүнө болгону 2-3 саат убакыт бөлүп, кардарлардын суроолоруна жооп берип туруу керек.

— Маегиңизге чоң рахмат, ишиңизде ийгиликтер боло берсин!

Дилбар Алимова

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты