Сапар Исаков кыргыз-өзбек чек арасындагы окуяны териштирүүнү тапшырды

Сапар Исаков кыргыз-өзбек чек арасындагы окуяны териштирүүнү тапшырды

Премьер-министр Сапар Исаков тийиштүү ведомстволорго чек арадагы өзбек тараптын катышуусунда болгон окуяны териштирүү тапшырмасын берди.

Бүгүн  7-апрелде, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Мамай тилкесинде белгисиз себептерден өзбек чек арачылары Кыргыз Республикасынын жаранына ок чыгарган.

КР Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча бул окуядан кийин 1984-жылы туулган КР жараны М.Ф.М. Кыргызстандын аймагында аймагында каза тапкан.

Окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөп кетти. Тийиштүү кызматтар анын себептерин изилдеп жатышат.

Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-өзбек чек арасында каза тапкан М.Ф.М. үй бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды.

Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты