Ата-Бейитте
- 6 лет мурун
- Блог
Бүгүн, 7-апрелде, Ата-Бейитте мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңеш төрагасы Дастан Жумабеков, Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева жана башка расмий адамдар, коомчулук Ата Бейитте курман болгондорго куран түшүрүп эскеришти.
Бүгүнкү эскерүү иш-чарасына экс-президенттер Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев чакырылган. Бирок экс-президент Алмазбек Атамбаев ооруп калгандыгына байланыштуу бул иш-чарага катыша алган эмес.
Экс-президент Роза Отунбаева акыркы жылдары мындай иш-чарага чакырылбай калган эле.
Бийлик бутактары минтип, эскерүү күнү эриш-аркак турушту.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!