Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель окуяларында курман болгондорду эскерди

Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель окуяларында курман болгондорду эскердиКыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков, 7-апрелде Апрель революциясында курман болгон баатырларды эскерди.
Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү мемориалдык дубалынын таманына гүл койду. Гүл коюлгандан кийин курман болгондордун элесине арналып куран түшүрүлдү.
Иш-чарага Жогорку Кенештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева, экс-президент Роза Отунбаева, 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, элдик Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кенештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.
“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинен кийин Президент Сооронбай Жээнбеков «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында эл эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү Монументине гүл койду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты