Эсен болуп, эстей жүр. Апрель революциясына 8 жыл толду

Эсен болуп, эстей жүр. Апрель революциясына 8 жыл толду
Апрель окуясынан бери 8 жыл өттү. 7-апрель элдик революцияны эскерүү күнүндө тарыхка кылчайып, ал күндөрдү эске сала кетели.
2010-жылдын 5-апрели
Таласта митингге чыккан эл менен сүйлөшүү максатында Акылбек Жапаров Бишкектен Таласка учуп барган.
Саат кечки алтыда Бишкектен келген буйруктун негизинде ИИМ кызматкерлери күч менен чогулган элди таркатмакчы болгон.
Акылбек Жапаров Б. Шерниязов менен сүйлөшүп, элди үйүнө кайтууга көңдүргөн.
Данияр Үсөнов А. Жапаровдун сөзүн укпай, элди күч менен таратуу буйругун берген.
2010-жылдын 6-апрели
Таласта эл агылып, борборго толо баштады. Күндүзгү саат экиде Таласка 2 самолет, 4 вертолет учуп келген. Ички иштер башкармалыгы тарабынан келе жаткан күчтөр түтүн чыгаруучу шашка ыргытып, резина ок менен ата башташты. Ага карабай, эл чабуулга өтүп, акимчиликкке кирип барышкан.
Саат 14:14тө эл Таласта элдик губернаторду шайлоого даярдык көрүп жатышкан.
6-апрелде Бишкекте “Назар”, “Ачык саясат” гезит редакцияларынын имарат алдына оппозиция өкүлдөрү чогулган. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Башкы прокуратура тарабынан президент Курманбек Бакиевдин кадыр-баркына доо кетирди деп айыпталып жаткан “Назар” гезитинин соту болду. Кезектеги сот процесси 20-апрелге белгиленген. Дал ушундай эле айып менен “Ачык саясат” гезити да сот тарабынан жабылып, эки гезитке 5 миллион сомдон айып тагылган.
Таласта саат күндүзгү үчтө ИИМ башкармалыгына баргандарга көздөн жаш агыза турган газ чачылып, резина ок атылган.
Андан кийин эл ИИБге улам штурмга өтүп турушту. Кечки саат жетилерден өтүп калганда Таласка бешинчи аскердик тик учак конгон.
Кечки саат онго жакын Өмүрбек Текебаевди, Алмазбек Атамбаевди, Эмилбек Каптагаевди, Туратбек Мадылбековду, Ошто Анвар Артыковду камашты.
Алтынчы марттан жетисине караган түнү Өмүрбек Текебаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Анвар Артыков, Дүйшөнкул Чотонов, Абдыганы Эркебаев, Эмил Каптагаевди Улуттук Коопсуздук кызматынын жертөлөсүнө камашты.
2010-жылдын 7-апрели
Таластагы кармашта 30дан ашык киши жарат алды.
Түнкү саат 01:15 те Алмазбек Атамбаевди укук коргоо органдары кармап кетишти. Эртең мененки саат жетиден өткөндө Темир Сариевди “Манас” аба майданынан кармап кетишти.
Таласта 48 киши жарат алып ооруканага түштү. Таласка дагы беш автобус менен атайын даярдыктагы жоокерлер киргизилген.
Саат тогуздан өтүп калганда Элмира Ибраимова камакка алынган.
Таласта 20 миңдей киши обладминистрациянын алдына чогулган. Нарында акимчиликкке атчандар келишти. Нарында, Ошто, Жалал-Абадда, Чүйдө жана башка аймактарда революциялык аракеттер болуп жатты.
Бишкекте “Форум” имаратынын алдында чогулган элди милиция тарата баштаган. Алиясбек Алымкулов, Улан Момуналиев, Арслан Койчиев баштаган 3 миңдей топ Чүй проспектиси менен Өкмөт үйүн көздөй бет алган.
Алайда миңден ашуун адам чогулган.
Саат күндүзгү бирлерде элди карай Бишкекте Борбордук аянттан көздөн жаш агызуучу газ атыла баштады. Москва районунун алдына 2000 дей киши чогулду.
Саат 13:50дө Бишкекте митингге катышкандар жүк ташуучу автомашина менен Ак үйдүн дарбазасын талкалап кирүүгө аракет кылды. Милиция түтүн чыгаруучу курал, резина ок менен атып, элди кубалады.
Саат 14:14тө Элди карай ок атылды. Жарадарлар, окко учкандар болду. Бул учурда Бишкекте эл катуу чабуулга өткөн.
Таласта М. Конгантиевди сабап салышты. Сокулуктан келгендер Бишкектегилерге кошулду. Токтогул районунун акимчилигиги элдин колуна өттү.
16:38де Т. Сариев билдирүү жасап, башка лидерлер да бошотулганын билдирди.
Саат кечки жетиде Башкы прокуратуранын имараты өрттөлдү.
Бишкекте кечинде 47 адамдын каза болгону белгилүү болду.
Саат 20:15те Бакиевдин учагы “Манас” аэропортунан учуп кетти.
Кечинде ири дүкөндөрдү тоной башташты.
Саат 22:12де Элдик курултайдын борбордук аткаруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаева болду.
Саат 23:35те Ак үйдү штурмалоо жолу менен эл биротоло алды.
Саат 24:00дө Убактылуу Өкмөт №1 декретти жарыялады.
2010-жылдын 8-апрели
00:32де Ак үй толугу менен алынды.
Э. Бөлөкбаев, С. Аргынбаев, У. Рыскулов абактан бошотулду.
Саат эртең мененки сегизде Роза Отунбаева башында турган Убактылуу Өкмөт иштей баштады. Анын катарына Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Иса Өмүркулов, Абдыганы Эркебаев, Эмилбек Каптагаев ж.б. кирди.
2010-жылдын 10-апрели күндүзгү саат он экиде Ата-Бейитте курман болгондор жерге берилди.
2010-жылдын 15-апрели
20:20 К. Бакиев Казакстандан келген самолет менен учуп кетти.
2010-жылдын 19-апрели
Курманбек Бакиев Минск шаарына барды.
Саламаттык сактоо министрлиги 6-8 –апрелде өлкөнүн саламаттык сактоо мекемелерине 1621 адам жардам сурап кайрылганын, алардын 553 ооруканага жаткырылганын билдирди.
Өмүрбек Текебаев:
“Бир адам, бир үй-бүлө байлыгы, бийлиги менен, куралдын күчү менен чөгөлөтө албастыгын көрсөттү”
10-апрелде элдик революция күнү курман болгондорду жерге берүүдө бейит башында сүйлөгөндөрдүн катарында Убактылүү өкмөттүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев мындай деп сүйлөгөн.
“7-апрель-тарыхый күн. Кыргыздын эр азамат жигиттери, кыздары кыргыз элин кул кылууга мүмкүн эместигин далилдешти. Бир адам, бир үй-бүлө байлыгы, бийлиги менен, куралдын күчү менен чөгөлөтө албастыгын көрсөтүштү. Бул намыс үчүн күрөш күн болду. Өмүр жана эркиндик деген ураан алдында кыргыз элинин азаттыгы үчүн эл жексур бийликти жеңип чыкты. Миңдеген адамдар өз көкүрөктөрүн окко тосуп чыгышты”.
Андан ары Өмүрбек Текебаев 7-апрель күнүнүн мааниси өзгөчө зор экенин айткан:
“Бул өзгөчө күн. Анткени бул- кыргыздын жаңы мүнөзүн калыптандыра турган зор окуялардын бири.
Кайгылуу окуяда курман болгон элдик уулдарыбыз кыргыздын тарыхынын жаңы барагын ачты. Биз курман болгондордун асыл максаттарын ишке ашыруу үчүн эл алдында ант беребиз. Адардын канын төккөндөрдү жазага тартабыз деп ушул жерден ант беришибиз зарыл. Бийлик эл үчүн иштейт деп ант беришибиз абзел” деген Ө. Текебаев.
2018-жылдын 7-апрели
Бүгүн, 7-апрелде, Апрель революциясына 8 жыл толду. Ооба, өлкөдө бир кыйла жылыштар болду. Бирок революцияга салым кошкондордун алды куугунтукталып, арты түрмөдө жатат. Алыс барбай эле Өмүрбек Текебаев бир гана Маевскийдин көрсөтмөсү менен түрмөдө камалып жаткандыгы өкүнүчтүү.
Калган күрөшчүл, мекенчил адамдар да жазыксыз жаза тартып келүүдө. Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов ж.б. ондогон белгилүү адамдар камакта.
Бүгүнкү күндө ошол күрөшчүл, эл баштаган адамдарды: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Болот Шернияз, Эмилбек Каптагаев, Азимбек Бекназаров, Кубат Байболов, Өмүрбек Абдрахманов, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Бабырбек Жээнбеков, Алмамбет Шыкмаматов, Равшан Жээнбеков жана башка саясатчыларды,жалпы революциячыл эр азаматтарды, өз төшүн окко тосуп шейит кеткен жалпысынан жүздөгөн адамдар, жарадар болуп, анын азабын тартып келе жаткандарды, дегеле өкмөт баатырлардын баарына урмат көрсөтүп, өлкөнү алга жетелөөнүн максатын көздөө деген маселе дагы эле күн тартибинде. Революциянын ишке ашышына элдин, саясий лидерлердин, өкмөттүк эмес, жарандык уюмдардын да эмгеги чоң.
Кыргызстан отуз жылга жакын убакыттан бери революциячыл дем менен жашоодо. Ошол мезгилде төрөлгөн балдарыбыз да эр жетти. Бирок өлкөдө улам бир чуу, чакчелекей менен күн кечирип келүүдө.
Дагы эле мурунку жылдардагыдай жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге салынган айыппулдар бир канча миллиондогон сомго жетүүдө.
Бүгүнкү күндө президент Сооронбай Жээнбеков аркы жээк менен берки жээкти, түндүк менен түштүктү, кыргыз менен башка улут өкүлдөрүн баш коштуруп, дегеле ак менен караны терең талдап, Өмүрбек Текебаев сындуу инсандардын соттук ишине калыс баа берүүнү талап кылып, өлкөнү алга жетелеши керек. Бүгүн бизге белгилүү инсандарды жосунсуз каралоонун да, жазыксыз жаза берүүнүн да кажети жок. Элдин мүдөөсүн аткаруу милдети турат. Баарыбызды 2010-жылдагы 7-апрель күн баш коштуруп турушу керек.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты