Сапарда: Дубай салам!

Сапарда: Дубай салам!Автор Дубайга кантип салыштырмалуу арзан баага саякаттоо, эмнелерге көңүл буруш керектиги, алгачкы таасирлери тууралуу ой бөлүшөт. 

Турфирманы кантип тандадык?

Сөзүмдү Дубайга барышым кокусунан эле болгонун айтуудан баштайын. Курбум экөөбүз тааныштарыбыз менен досторубуздун Дубайга баргандары тууралуу көп укчубуз. Курбумдун (Эля) отпускасы башталган, мен болсо 12 сааттан иштеп жаткам (иш азыр ушундай болуп жатат). Ал эжеси Дубайга барып келгенден кийин  «күйүп» жаткан путевка барбы деп издештирип калды. Сунуштарды карап, бир турфирмага токтолдук (атын айтсам, реклама болуп калаар).

Мурун деле биз курбуларыбыз менен кайсы бир алыскы чет өлкөгө барсак деп кыялданчубуз, бирок ал сөздөрдүн баары тең кыял боюнча калчу.

Ошентип, эртең менен курбум туркомпанияга сүйлөшүп келмей болду. Климаты ысык өлкөлөргө күйүп жаткан путевкалар көп, биздин бактыбызга алардын баасы анчалык кымбат эмес экен. Ал бара турган жерди тандап, кубанып кайтты.

Кечинде жолукканыбызда ал туроператордун сунушун айтып келгенде, экөөбүз тең кубандык. Баасы да бизге ылайык келди, жаш болсок, англис тилин билсек, анын үстүнө коопсуз деп эсептелген  Бириккен Араб Эмирчилигине баргыбыз келди.

Бир жума ичинде даярдандык, виза ачууга документтерибизди берип, жообун, отелди күтүп калдык. Баары 3-4 күндө даяр болду. 5 күнкү  саякатыбыз  430 доллар, экөөбүздүн ар бирибизге, анын ичинде самолёт, отель акылары + 5 күнгө эртең мененки тамагы, виза акысы, аэропорттон отелге чейин барган-келген трансфери менен.

Отелдин кайсы жакта жайгашканына карадык, анткени  пляжды да, шаардын башка жерлерин да көргүбүз келип жаткан.  Al Barsha же Dubai Marinaнын ортосунан, Al Barshaны, төрт жылдыздуу Grandeur отелин тандадык. Отелден 15 мүнөттүк жолдо   Emirates Mall соода борбору бар, пляжга чейин коомдук транспорт менен жарым саат. Айтор, бизге ылайык келди. 

Алматы аркылуу учтук

Алматы аркылуу учмай болдук, анткени мындан 100 доллардай үнөмдөдүк. Бишкектен Алматыга такси менен 700 сом, такси аэропортко чейин жеткирди.  2-2,5 жарым саатта жеттик.  Ал эми Бишкектен Казак чек арасы- Кордойго чейин 500 сомго такси менен бардык.

Алматынын аэропортуна түнкү саат 11де келсек,  рейсибиз таңкы саат 4тө болчу. Эл аралык самолет рейстерине каттоо үч саат мурун башталарын эске алсак да, бош убактыбыз бир далай.  Кантсе да кечиккенден көрө, эрте келген жакшы эмеспи. Жеткиче чарчап жана курсагыбыз ачып кетти.

Алматынын аэропортунда Wi-Fi жок экен, ал эми бир нече саатка сим-карта алгыбыз келген жок.

Сапарда: Дубай салам! Сапарда: Дубай салам!

№1 кеңеш: Алматынын аэропортуна тамагыңарды алып алгыла, анткени ал жактагы тамактануу баасы жакшы ресторандагыдай. Биз болсо апабыз жасаган мантыдан алып алганбыз, аны жедик.

Сүйлөшүп олтуруп, убакыт бат эле өттү. Рейске каттоо башталып, учуучу зонага келдик, дүкөндөр, кафе, Duty Free бар экен. Ал жакта бир сааттай болдук.

Мына,  учуп баратабыз. Билбейм, эмнеге кээ бирөөлөр самолет менен учканды жактырышпайт?  Алыска машина менен эле бараткандай, бир гана жери—көтөрүлгөндө кулагың бүтүп калганы эле болбосо.

Дубай салам!

Ошентип, 5 саат учуп, дубай салам айтып, Дубайга келдик. Бишкекте жүргөндө баратканда эмне кийсек деп ойлондук эле, Бишкек менен Алматыда үшүбөгөндөй, Дубайда ысыбагандай кийинишибиз керек болду. Жеткенде ал өлкө, биздегиндей бир кыйла ысык экенин сездик. Бирок айырма анчалык деле чоң эмес. Ал эми самолетто бир кыйла салкын болду.

Бишкектен Дубайга самолетко билет сатып алганда, туроператор ал жакта бизди тосуп ала турган компаниянын телефонун берген.  Аэропортто  белгилүү компания тосуп алды. Даша аттуу сүйкүмдүү кыз экен. Бизден башка да көп туристти тосуп алып, баарыбызды бир маршруткага салып, ким кайсы отелге барса, жеткирип жүрүп олтурду.  Ал жактагы маршруткалар менен биздикин салыштырсак, бул эки башка нерседей. Алардын маршруткасынын ичи кенен, ар бир жүргүнчүнүн жанында кондиционер бар.  Эля экөөбүздү эң аягында жеткиришти, ошондуктан жолдо шаарды көрүп бардык.

Даша бул жактан кайсы жерлерге барыш керек экенин, дегеле шаар тууралуу анча-мынча маалымат берип барды. Эң кызыктуусу — бул шаар 50 жылга жетпеген убакта курулуптур. Ал эми шаар жөнөкөй эмес, ар кандай бийиктеги жана көлөмдөгү имараттар, жолдору зыңгыраган.

Адегенде менин шаарды желимден жасалгандай, жасалмадай, шаарга окшобогондой сезилген сезимдерим тез эле жоголду. Отелге белгиленген убакытттан эрте келип алып, анын ичин аралап кирдик, 3 ресторан, имарат үстүндө спорт залы, чатырында шаар алаканга салгандай көрүнүп турган бассейни бар экен.

№2 кеңеш: Эгер отелде бассейн тууралуу айтууну унутуп калышса, анда өзүңөр сураганды унутпагыла. Анткени отелдердин дээрлик баарында эле бассейн бар экен. 

Андан кийин биз Emirates Mall борборуна акчабызды алмаштырганы бардык. Дубайда расмий акча дирхам деп аталат.

№3 кеңеш: Акчаңарды Бишкектен АКШ долларына алмаштырып алгыла. Ал эми барганда дирхамга алмаштырып аласыңар. Минтсеңер өзүңөргө пайдалуу.

Доллардын курсу $1=3.65 дирхам. Эгер банктан алмаштырсаңар, 2 дирхам төлөйсүңөр, ошондуктан отелден кошумча акча төлөбөй эле алмаштырасыңар.

1-күн.  Отелден бөлмө алгандан кийин уктап алдык да, андан кийин тамак ичкибиз келди. “Пайдасыз” деген тамактан заказ берсек,   Fast Food 26-28 дирхам болду.

Шаарга чыгып, эс алып, жаркырап жарык чачып турган бийик-бийик имараттарды карап суктандык. Бул бир ажайып көрүнүш эле.

2-күн. Бул күнү адаптация болуп калдык да, пляжга барууну чечтик. Emirates Mall борборундагы метро станциясына чейин барып, 17 дирхамга метронун картасын сатып алдык. Картанын ичинде 12 дирхам жол киреси бар экен. Албетте, баалар болжолдуу, анткени баарын эсиңде сактап кала албайсың да. Метронун картасынын автобуска түшкөндө да пайдасы тиет экен.

Сапарда: Дубай салам!Пляжга чейин автобус  менен барууну чечтик. 5 аялдама бардык, баасы 3 дирхам экен, бирок жол кире аялдама аралыгына жараша болот экен. Пляжга келгенде кубанганыбызды айтпаңыз. Март айында пляжда күнгө күйүп жатышың бир керемет тура. Дубайда Перс булуңу менен Оман кысыгынан суусу. Суу жылуу, 29-30 градус ысык экен. Пляжда жатып, бул жакка чыгынып келгенибиз жакшы болгон экен деп ойлоп жаттык.

Андан кийин биз дүйнөдөгү ири соода борборлорунун бири, айтылуу  Dubai Mall ду көрүп чыктык. Ал үчүн 4 дирхам төлөп автобуска түштүк. Dubai Mall ду бир канча саатта көрүп чыга албайт экенсиң. Мында көптөгөн бутиктер, фонтандар, аквариумдар, дагы толгон-токой кызыктар бар.

Шаар туристтер үчүн эле курулгандай таасир калтырды, анткени мында бардык маалыматты алсаң болот, эл да ачык-айрым, сага жардам бергиси  келип турганы байкалат.

Dubai Mall до фаст фуд 25 дирхамдан. Кайра келатканда 10 дирхамга  метрого түштүк. Метро абдан таза экен, аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө олтуруучу орундар бар. Ичинде тамак жегенге, бир нерсени балчылдата чайнаганга болбойт экен. Абдан ысык болгондуктан, метродо да, автобуста да кондиционер бар. Эгер март айында ушунчалык ысык болсо, анда жай айларында кандай болорун элестетип көргүлө.

Чарчап, бирок ырахат алып, отелге келдик.

3-күн. Atlantis деп аталган аквапаркка келдик. Отелдин кабыл алуучу жайында Дубайдын ар кайсы жерине экскурсиялык туру бар экен. Биз алардан 275 дирхамга билет сатып алдык (болжол менен  $75), Андан 90 дирхамды үнөмдөдүк. Аквапарк, албетте, кымбат, бирок көрүп алсаң, акчаң текке кетпегенин билесиң.

Бшкектен да биз майда-чүйдө бузулбаган тамак-ашыбыздан аквапаркка алып алганбыз. Ал жакка такси менен барууну чечтик, анткени бизге кабыл алуу жайынан метро, мини поезддерди бир нече жолу алмаштырасынар деп айтышты.   Эгер биз метрого бир канча жолу түшсөк, 40 дирхам кетмек, бирок такси менен 33 дирхамга жетип алдык.

№4 кеңеш: Аквапаркка тамак-аш албагыла.  Аквапаркка алып алган тамактарыбызды киргизбей коюшту, анткени уруксат берилбейт экен. Ошондуктан ыргытууга туура келди.

Аквапарктагы оюн-зооктун баары коопсуз, ал тургай кичинекей балдар да жүрөт. Кийимдерибизди 40 дирхам турган сактоочу жайга койдук. Жөн деле калтырып койсо болот экен, бирок калтыргыбыз келген жок.

Аквапарктын ичинде ар кандай бийиктиктеги жайлар, кафе, шаарды сонун кылып көрсөткөн жай, ошол эле жерде  пляж бар экен.

№5 кеңеш: Өз шаарыңардан чыгып баратканда телефон сырттагыч (чехол) алып алгыла. Анткени сууга түшкөндө, суунун ичинен сүрөткө түшөсүңөр.  

Алардын дүкөндөрүндө телефон сырттагычтар 100 дирхам турат. Ал жакта сүрөтчүлөр деле сүрөткө тартышат, бирок бир сүрөт 150 дирхам, менимче бул кымбат.

Оюндардын оюндарынын арасынан эң эле эсте калганы капсула экен, ал капсулага киргенде, полу түшүп, ылдый кулаганда, аябай сонун адреналин аласың.  Бизге бул абдан таасир берди деп айтуу аздык кылат.

Кечке жуук пляжга барып, үлүлдүн кабыгын чогулттук. Кайра Dubai Mall соода борборуна барып, дүйнөдөгү эң бийик имарат, Burj Khalifa ны көрдүк. Андан соң 35 дирхам төлөп, ырдай турган фонтандарды көрдүк. Бул керемет көрүнүш экен. Келе жатканда 5 дирхамга метрого түшүп келдик.

Өмүрүмдө мынчалык узак жөө жүргөн эмес элем, бул күңү 10-13 километр жүрдүк окшойт.

№6 кеңеш: Сөзсүз бут кийимиңер ыңгайлуу болсун, антпесе бутуңар ооруйт.

4-күн. Сафариге жана Miracle Garden ге бардык. Дубай шаары чөлгө курулганын баары эле билишет. Ошондуктан Дубайга барып, бирок Сапарда: Дубай салам!Сафариге барбай келүүгө болбостур. Ал жакка билетке 150 дирхам төлөдүк. Алар бизди отелден күндүзгү саат 3 тө алып кетебиз дешкен.   Ошондуктан биз убакытты коротпойлу деп  Miracle Garden –гүл багына бардык. Ал жакка коомдук транспорт барбагандыктан,  45 дирхамга такси менен бардык. Ал эми билет 50 дирхам турат.

Гүлбакта бизди эч нерсе деле таң калтыра алган жок, кооз,бирок кадимкидей эле гүл бакча. Балким, биз үчүн андай гүлдөр жаңылык эместир, бирок чөлдөгу шаар үчүн бул чоң жетишкендик болушу мүмкүн. Ал эми биздиг Кыргызстандын жаратылышына эч нерсе жетпей турганын билдик.

Күнгө кактанып, кайра отелге келдик. Бизди Сафариге алып бара турган айдоочу келип калды. Албетте, ал жакка барабыз дегенде толкунданып турдук.   Бизди алып кеткени  Land Cruiser келди, ал эми анын ичинде каркас сыяктуу нерсе бар экен. Ал эмне үчүн керек деп сураган жокпуз, бирок машина оодарылып  кетсе, жардамы тиет десе керек.

Жолдон биздин багытыбыз боюнча үч жолу токтойт экен. Биринчисинде квадроцикл айдоо, бирок биз айдаган жокпуз. Чынын айтканда, айдоодон да корктук. Бул жерден кокос сүтүн ичтик.

№7 кеңеш: Сафариге барар алдында чипсы жебегиле.    Курбум Элянын жүрөгү айланды.

Экинчи аялдама чөлдүн кире беришинде болду. Чөлгө чейин чоң ылдамдык менен бардык. Айдоочу бүткүл күчү менен машинаны ары-бери буруп жатты. Абдан сонун болду! Бирок туш-тарабы кум. Кум оозу-мурдуңа кирет.

Үчүнчү жолу токтогондо палатка, лагерь сыяктуу жерде болдук. Ал жактан тамак ичип, шоу концерт  көрдүк. Лагердеги бөлмөдө кыздардын колуна хна менен сүрөт-мехенди тартып берип жатышты.

Ал күн дем алыш болгондуктан, эл  абдан көп экен. Бизди 50  дирхамга VIP орун алсаңар, официанттар тамакты өздөрү алып келип беришет дешти.

Тамак ичип, андан кийин шоу көрдүк. Кыздар курсагын ачып алып, курсагын кыймылдатып бийлеп, от менен шоу оюн көрсөтүштү. Сафари жакшы таасир калтырды.

5-күн. Соода жайларынан белек-бечкектерди сатып алдык.

Дубайга келгенде эле мындагы бааларга таң калганбыз, Чынында баалар асмандын башы. Бирок 5 күн жүргөндөн кийин андай бааларга деле көнө түшөт экенсиң. Ошондуктан баалар биз жаңы келген күндөгүдөй эмес, арзан боло түшкөндөй сезилди.

Белек, сувенирлерди Emirates Mall соода борборунан сатып алдык. Бир магниткасы 7 дирхамдан. Болжол менен $250 долларга бир далай белек-бечек алдык. Кийим-кече, атыр алдык. Кыздарбыз да, жыпар жыттуу атырларга кызыктык. Ошондой эле ал жактан курма, пахлава сыяктуу азыктарын алдык.  Негизинен белек-бечкекке акча короттук.

№8 кеңеш:  Чет өлкөгө шашылыш барып эс алуудан коркпой эле койгула. Бул өзүнчө ырахат экен. Эгер чет тилин билбесеңер, ал жакта орусча сүйлөгөндөрдү көп эле кездештиресиңер.

Негизинен биз туристтерге сунуш кылынуучу нерселерден баш тартпай, бирок өтө көп акча короткон жокпуз. 5 күнкү  саякатыбыз  430 доллардан турду, экөөбүздүн ар бирибизге. Анын ичинде самолёт акысы, отель акысы + 5 күнгө эртең мененки тамагы, виза акысы, аэропорттон отелге чейин барган-келген трансфери менен.

Белек-бечкегибиз, саякаттарыбызды кошкондо, туристтерге сунушталуучу нерселерден баш тартпай, бирок өтө көп акча короткон жокпуз, ошо менен 1000 доллар кетти.

9 кеңеш: Кантсе да Дубайга саякатка  5 күн аздык кылат экен. Жок дегенде 7-8 күнгө баргыла.   

Гүлнур  Осмонкул кызы, Бишкек-Дубай-Бишкек.

Автордун сүрөттөрү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты