Президент Сооронбай Жээнбеков 7-апрелди эскерүүгө Роза Отунбаеваны чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-апрелди эскерүүгө Роза Отунбаеваны чакырды7-апрель революциясынын сегиз жылдыгына карата “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде шейит кеткендерди эскерүү болуп, гүл коюлат. Бул иш-чарага Президент Сооронбай Жээнбеков экс-Президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевди чакырды. Эскерүүгө Апрель окуясынын катышуучулары, шейит кеткендердин жакындары, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү катышат. Эске салсак, 2016-жылы 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгында ал кездеги Президент Алмазбек Атамбаев Роза Отунбаеваны сындап, 2010-жылы эл Отунбаева үчүн эмес, Конституциянын өзгөрүшү үчүн добуш бергенин айткан эле. Роза Отунбаева бул иш-чарадан чыгып кетип, ошондон тарта расмий иш-чараларга катышкан эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты