Чет өлкөдөн жумуш тапкыңыз келсе, жарманкеге барыңыз!

Чет өлкөдөн жумуш тапкыңыз келсе, жарманкеге барыңыз!

КР Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борбору

бош жумуш орундар жарманкесин өткөрөт.  2018-жылдын 11-апрелинде саат 10.00дө,  Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратындагы чоң жыйындар залында  (Фрунзе көч. 547) бош жумуш орундар  жарманкеси өтөрүн КР Миграция кызматы билдирди.

Бул иш-чарада жаш адистер, студенттер, бүтүрүүчүлөр, ошондой эле чет мамлекетке жумушка орношууну каалагандарга,  жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин катышуусу менен Дания, Корея, Япония, Германия, Түркия, Россия, Чехия, Бириккен Араб Эмираттары, Катар сыяктуу мамлекеттердеги бош жумушчу орундар тууралуу маалымат ала алышат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты