Кыйшык тишти түздөгөн брекет

Кыйшык тишти түздөгөн брекетЖагымдуу жылмаюу адамды ийгиликтүү, сүйкүмдүү кылып, өзүнө болгон ишеничин арттырат.  Заманбап стоматологиянын өнїгүшү менен кыйшык  тиштерди түздөө үчүн брекет системасы колдонулуп келет.

Брекет жөнүндө кыскача
Брекетти кийүү менен тиштердин туура эмес жайгашуусун, кыйшыгын (араларынын ачыктыгын, тиштердин чыгып же кирип өсүп калганын ж.б.) оўдоого болот. Анын негизги бөлүгү ар бир тишке тиркелген кичинекей темирлерден туруп, алар бири-бирине металл байлоолор менен туташат. Ушу байлоолор тиштин түз калыбына келишине жардам берет. Ал эми темирлер тишке атайын клей аркылуу бекитилет.

Металл брекеттерКыйшык тишти түздөгөн брекет
Металлдан жасалган брекеттер — эң жетиштүү жана кеңири таралган түрү. Азыркы учурда брекеттин бул түрүнүн баасы болжол менен 10000 сомдон ашат (Астыңкы жана үстүңкү жаакка өзүнчө саналат).

Керамикалык брекеттер
Керамикалык брекеттер ак түстө болуп, тишке жарашыктуу көрүнөт. Андан тышкары, бул түр бышык келип, өңү өзгөрбөйт. Баасы 20000 сомдун тегереги.

Сапфир брекеттери
Брекеттердин бул түрү тунук түскө ээ болуп, тиш арасынан дээрлик көрүнбөйт. Андан тышкары учурда популярдуу болгон жана көп таралган пластикалык жана алтын брекеттер бар.
Жагымдуу жылмаюу адамга жакшы маанай тартуулайт. Ушул тилекти орундаткан, адамдардын өзүнө болгон ишеничти арттырууга көмөкчү болгон мыкты тиш дарыгерлер бар. Алардын бири Нурсултан Жеңишбеков биз менен ой бөлүштү.

Нурсултан Жеңишбеков, тиш врачы: “Ар түркүн брекеттер жасалат”

Кыйшык тишти түздөгөн брекет—Сиздер брекеттин кандай түрүн саласыздар?
—Бизде маталлдан жасалган жана керамикалык брекеттер бар. Көбүнчө алардын айырмасын сурашат. Негизинен функциясы боюнча бирдей эле, өңүнөн гана айырма бар.

—Брекетти канча убакытка чейин кийүүгө болот?
—Ар кимдики ар кандай. Жалпысынан алганда  аз дегенде бир жарым жыл убакыт талап кылат.

—Брекетти чечкенден кийин сары болуп изи калып калат деген чынбы?
—Брекетти чечкенден кийин тагы калат. Эгер кардар тиштерин убагы менен карап, тазалап турса эч кандай маселе жаралбайт.

—Баалары кандай?
—Металл брекеттер эки жаакка бирдей 10 миң 500 сом, керамикалык брекеттер 20 миң сомдун тегерегинде.

Кымбат, брекет кийген кыз:Кыйшык тишти түздөгөн брекет

—Мен брекетти “Грация” аттуу жеке клиникадан салдыргам. Ал жерде таанышым иштегендиктен арзаныраак жасап берди. Мен бир гана үстүнкү жаактагы тиштериме салдырттым. Жалпы баасы 15  миң сом болду. Оюмда алгач курт тиштерди тазалап туруп салат экен дегем, бирок ошол замат брекеттерди кийгизип орнотуп салды. Башында тиштериң абдан сезимтал болуп калат экен, аябай оорутту. Бир жумача тамак жей албай абдан кыйналдым. Азыр ай сайын барып ортодогу “темирлерин” кичинеден тарттырып турам. Мунусу акысыз. Кийгениме  төрт ай болду. Башында эки тишим кыйшык болсо, азыр бирөө түзөлүп, экинчиси аз калды. Алты айдан кийин чечип,  тиштерим мурунку абалына келип калбашы үчүн кайра бир айга жакын  “каппа” деген нерсени кийгизишет экен.  Мурун тиштеримден уялып, тартынсам, азыр андай сезим жоголуп, өзүмө болгон ишеничим дагы да артты, — дейт Кымбат.
Эгер баасы келишсе, неге кыйшык тишти түздөгөнгө болбосун. Айрыкча жаштарга стоматологиянын жетишкендиги жакшы табылга.

Брекеттердин баалары (Астыңкы жана үстүңкү жакка эсептелди)

 

Стоматологиялык клиниканын атыМеталлдан жасалган брекетКерамикадан жасалган брекетСапфир брекет
Simpladent25 миң сомдон башталатВрач менен кеңешкенде гана айтылатВрач менен кеңешкенде гана айтылат
“Биринчи стоматология”350$1500$Жасалбайт
Профи-дент35 миң сомВрач менен кеңешкенде гана айтылат1000$
MediStom35 700 сом

45 700 сом

55 000 сом
Triovital1000$1000$1000$
Dentatech1000$1500$2000$
Biodent44 800 сом1500$4000$
Династия30 миң сом55 миң сом65 миң сом

 

Жазгүл Жекшен кызы, Умида Бекпулатова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты