“Ата Мекен” фракциясы: Баш прокурор Жолдубаева кызматынан кетиши керек

“Ата Мекен” фракциясы: Баш прокурор Жолдубаева кызматынан кетиши керек

Бүгүн, 6-апрелде,  Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясы Башкы прокуратуранын 2017-жылдагы отчетун укту жана канааттандырарлык эмес деп таап, баш прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүү боюнча талаптар коюлду.  

Прокуратуранын 2017-жылдагы иши боюнча отчету каралып жатканда баш прокурор Индира Жолдубаева парламентке келбей, анын орун басары Бөкөнбай Казаков отчет берди. Эгер баш прокурор ооруп калса, справкасын көрсөтүшүн талап кылышты.

Жылдык отчет угулгандан кийин, Баш прокуратуранын иши канааттандырарлык эмес деп табылып, баш прокурор И. Жолдубаеванын отставкага кетишин талап кылышты.

Депутат Каныбек Иманалиев мыйзам бузулушуна бир катар мисалдарды келтирди.

«Өкмөт «Кумтөр» долбоору боюнча адегенде 50-50 акция үлүшү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Акыры мурдагы 32 пайыз үлүшүбүз 26 пайызга чейин түшүү менен аяктады. Бул текшерилген жок.

Жакында эле Баш прокуратурага 250 млн сом өлчөмүндө каражат берилди. Каражат бюджетке түшүп, анан бөлүнсө гана мыйзамдуу болот. Демек, силер мыйзамсыз берилген акчаны мыйзамсыз пайдаланып жатасыӊар. Муну кандай түшүнсө болот?» деди эл өкүлү.

Башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков Башкы прокуратура текшерүүлөрдүн натыйжасында 5 млрд сомду мамлекетке кайтарганын эске салып, анын бир бөлүгү мыйзамдуу бөлүнгөнүн белгиледи.

«250 млн сом биз мамлекетке кайтарган каражаттын 4 гана пайызын түзөт. Бул боюнча тармактык комитеттин макулдугу бар»  деп жооп кайтарды Башкы прокуратуранын өкүлү.

Жолдубаева мыйзамды сыйлабайт экен, бул кызматта иштөөгө укугу жок. Бизге баарынан мыйзамды жогору койгон баш прокурор керек. Баш прокурордун ишин караган депутаттык комиссия түзүшүбүз керек деди депутат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты