Алмазбек Атамбаев, экс-президент: «Туура бийде тууган жок…” деген эзелки сөздү кыргыз бийлиги унутпашы керек”

Алмазбек Атамбаев, экс-президент: "Туура бийде тууган жок...” деген эзелки сөздү кыргыз бийлиги унутпашы керек”

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Апрель революциясынын 8 жылдыгына байланыштуу элге кайрылды. 

Урматтуу кыргыз калкым, боордош бир туугандарым, урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн ак менен каранын ортосундагы күрөш орун алган — Апрель окуясына 8 жыл толду. Бул күн кыргыз мамлекетинин тарыхында алтын тамгалар менен түбөлүккө жазылып калды.

7-апрель күнү 87 жараныбыз курман болгон. Бирок, андан кийин өткөн сегиз жылдын ичинде да, алган жаракаттарынын кесепетинен ондогон жигиттерибиз көз жумду. 7-апрель шейиттерине таазим этем!       Бул биз үчүн жүрөгүбүздө өмүр бою жара бойдон калат.

Мунун баары үй-бүлөлүк, кландык башкаруунун кесепети экенин эч ким тана албас. Ошондуктан кыргыз элинин «Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок”  деген эзелки сөзүн кыргыз бийлиги унутпашы керек.

Эки жыл мурда өлкөбүздүн расмий майрамдарынын катарына 7-апрель — Элдик Апрель революциясы да кошулган. Ошондо кайгы менен муңга толгон бул күндү эмнеге майрамдайбыз, бул күн аза күтүү күнү болушу керек дегендер чыккан. Буга чейин да айтып келгем, дагы бир ирет кайталайм. 7-апрель Элдик революциясы — бул элибиз үчүн майрам! Анткени, кандай гана күрөш, согуш болбосун, жеңишке жеткен акыркы күнү майрамдалат эмеспи.

2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуясы, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрели — бул окуялар бир оор жолдун үч ашуусу. Өлкөбүздүн келечеги, элибиздин эркиндиги үчүн үч датанын тең орду чоң. Бирок, биз толук жеңишке 7-апрелде гана жеттик. Ошондуктан 7-апрель – Элдик майрам!

Баарыңарды 7-апрель — Улуттук майрамыбыз менен куттуктайм!       Жараткан элибизге ынтымак, биримдик, жерибизге береке берсин!       Кыргызстандын эли 2010-жылдын 7-апрелинде өлкөнүн жаңылануусуна, эркиндикке жана адилеттүүлүккө жол ачып берүү үчүн жандарын кыйган карапайым боордошторубуздун эрдигин эч качан унутпайт!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты