Бишкекте Куран окуу боюнча эл аралык сынак өтүп жатат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектеги имам Сарахсий атындагы башкы мечитте «Куран жазы» аталышындагы эл аралык сынак өтүп жатат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы бидиргендей, ага КМШ өлкөлөрүнөн чогулган карылар катышууда.

Калыстар тобунун курамында Кыргызстан, Түркия, Йемен, Катар мамлекеттеринин дин аалымдары бар.

Жарыш башталар алдында муфтий Замир кары Ракиев эл аралык Куран жарышы сынагы Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жатканын белгилеп, мындан ары жыл сайын өтө турганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты