9-кызматтын башчысы дайындалды
- 7 лет мурун
- Баяндар
Бүгүн, 6-апрелде, Сабыров Токтосун Ырыскелдиевич Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын башчысы болуп дайындалды.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
4-апрелде Президентти жана башка бийлик жетекчилеринин коопсуздугун камсыздаган 9-кызматтын башчысы Мусакеев Дамир арызына ылайык кызматынан бошотулган эле.
Улуттук Коопсуздук кызматынын 9-кызматы тарыхы 1992-жылдан башталат. Өлкөбүз эгемендик алгандан кийин анын кызматкерлерине өлкөнүн биринчи кызмат адамдарынын коопсуздугун камсыздоо милдети жүктөлгөн.
1990-жылы ал Улуттук Коопсуздук кызмат структурасынан бөлүнүп чыгып—Президентти кайтаруу башкармасы болуп калган. 1998-жылы Мамлекеттик күзөт кызматы түзүлгөн. 7-апрелдеги революциядан кийин 9-кызматты кайра УКМКга кайтарып беришкен. Азыр ал мамлекеттин бийлик структураларынын биринчи кызмат адамдарын кайтарат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана “Мамлекеттик күзөт кызматы” мыйзамына ылайык, 9-кызматтын кызматкерлери Президентти, Премьер-министрди, Жогорку Кеңеш төрагасын жана Жогорку Сот төрагасынын коопсуздугун камсыздайт. 9-кызматтын иши тууралуу ЖМКга дээрлик маалымат берилбейт.
Токтосун Сабыров мурда Эмгек, калкты жумуш менен камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп иштеген.