«Өлүктөрдүн арасында…» Соттук-медициналык эксперт Марат Моношовдун бир күндүк жашоосу (Фоторепортаж)

«Өлүктөрдүн арасында…» Соттук-медициналык эксперт Марат Моношовдун бир күндүк жашоосу (Фоторепортаж)
Фотодолбоор: «Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы»
Күнүмдүк турмушта көп билинбегени менен сырттан ый коштолуп, ичи өлүктөрдүн жытына толгон моргдор башка мекемелердей эле күнү-түнү иштеп келет. Биз бул жолу «Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы» атуу фотодолбоордо Республикалык сот-медициналык экспертиза борборунун кызматкери Марат Моношовдун моргдогу бир күндүк жашоосу тууралуу айтып беребиз.
«Таңга жуук башталган жумуш»
Ызы-чууга тунган Бишкек шаары, күн чыга электе жанданып баштайт. Кабагын түйүп, коомдук транспортко эптеп батып алууга ашыккан шаардыктар жана окууга шашкан студенттер борбордогу күнүмдүк жашоонун башталышы сыяктуу.
Бул убакта соттук-медициналык эксперт Марат Моношов да жумушуна жөнөйт. Ал, үйүнөн эртең мененки саат 7:00дө чыгып, жарым саат өтпөй иштеген жерине келип калат. Марат Моношов көпчүлүгүнүн жүрөгүн шуулдатып «Ушул жерге келгенден кудай сактасын!» деген борбордогу өлүкканалардын биринде бөлүм башчы болуп иштейт.
Негизи Марат Моношовдун жумушу саат 8:00дө башталат. Бирок, ал ага чейин жумушуна эртерээк келип тиешелүү документтерди текшерип жатып кофе ичкенди адатка айландырган.
Андан кийин гана ал өзүнүн жумушуна тыкыр кирише баштайт.
«23 жылдык тажрыйба»
Бишкек шаарында 2 өлүккана бар. Алардын бири Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун өлүкканасы. Бул жерде, адамдар эмне себептен өлүмгө дуушар болгону изилденип, экспертиза жүргүзүлөт. Ал эми экинчи Республикалык патология борборунда медициналык мекемелердин өлүктөрү текшерилет.
Марат Моношов дал ушул Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда 23 жылдан бери иштеп келет. Ал, мектепте окуп жүргөндө «Лор» врач болом деп кыялданса, кийинчерээк пландары өзгөрүп, соттук-медициналык эксперт болууну чечкен:

«1997-жылы Медициналык Академияны бүтүп, бул жактан бир жыл окугандан кийин иштеп баштадым. Өзүм 8-класста окуп жүргөндө эле медицина кызматкери болом деп чечкенмин. Кийинчерээк окуп жүргөндө бул жолду тандадым. Бул кесипти тандаганыма атамдын досу себеп болгон.»
«Өлүк жыттанган жер»
Өлүккана биринчи кабатта жайгашкан. Марат Моношов кадимки салмактуулугунан жазбай, ал жакка күндө кирип өз ишин улантат.
Өлүккананын ичи жарык. Жакында эле үстүнкү кабатта оңдоо иштери жүргүзүлүп башталгандыктан боёктун жыты өлгөн адамдардын жытына аралашып мурунга башкача буркураган жыт келет. Ал эми, өлүкканын ичиндеги шаймандар мурдагы совет дооруна таандык экени босогодон эле билинет.
Залдагы үлбүрөгөн лампочкалар жана өлүк ташыган бузук араба биринчи жолу бул жакка кирген адамга коркунучтуу киного түшүп калгандай сезим жаратат. Ал эми өлүккананын ичиндегилер кадимки ишин уланта беришет.
«Өлүктөн эмес, тирүү жүргөндөрдөн коркуш керек…»
Марат Моношов өзү жөнөкөй жана шайыр адам. Бизге өлүккананын ичин көрсөтүп жатып, бул жердин иштөө тартиби жана болуп өткөн окуялар тууралуу айтып берди.
«Өлүктөрдөн коркпойсуңарбы?» деп көп суроо беришет. Биздин максат алардан коркуу эмес, туура диагноз коюу. Ар кандай окуялар болот. Мисалы, асынып алган адамды, моюнун карап «өзү өлдүбү?» же «бирөө асып койдубу?» деп текшеребиз. Ал эми арактан же башка нерседен ууланып калган адамдарды да «канча саат мурда ууланды?» , «Эмне болду?» деп текшерип чыгабыз. Чынында бара-бара детектив болуп калабыз.»
Бишкек шаары боюнча күн сайын орто эсеп менен 10-15ке жакын өлүм катталып турат. Алардын арасында, атайын өлтүрүлгөндөрү, үйү жок адамдар жана оорукананын сыртында каза болгондордун баары алып келинет.

Марат Моношов көп жылдык тажрыйбасында өлүктөрдү көрүп көнүп калса да, жаш балдардын сөөгүн көргөндө азыркыга чейин ичи ачышып, өзүн жаман сезет:

«Бизге жаңы төрөлүп каза болуп калган жаш балдарды да алып келишет. Аларды изилдеп жатканда ичибиз ачышып, сарсанаа боло беребиз.»

Бул убакта өлүккананын ичинде иш жанданып баштайт. Кызматкерлер, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн, биринин аркасынан экинчи адамдын сөөгүн алып чыгып текшеришет.
«Көпчүлүгүнүн туугандары бычак тийгизбейбиз дешип, кийин кайра кыйналышат…»
Коомчулукта көпчүлүгү жакындарын өлүкканага киргизгенден чочулашат. Марат Моношовдун айтымында, өлгөн адамдын жакындары ошол учурда «шок» абалында болгондуктан коңшулар же алысыраак туугандар «Жок, моргдон бычак тийгизбейбиз»,- деп алып кетип калышат:

«Биз өлгөн адамга кантип каза болгонун текшерип, тиешелүү справкаларды жазып беребиз. Ал жок, өлгөндүгү тууралуу «кара кагаз» алуу мүмкүн эмес. Кээ бирлери, «бычак тийгизбейбиз» деген жүйөө менен алып кетип калып, кайра өздөрү кыйналышат. Ушунун айынан кайра көрдү ачып, текшерүүдөн өткөргөн учурлар да болгон…»
Азыркы учурда, Кыргызстан боюнча 100дөн ашык гана соттук-медициналык эксперт бар. Айрыкча азыр жаштар бул ишке аралашкысы келбегендиктен, региондордо адистер жетишпейт. Марат Моношовдун айтымында, көпчүлүк жаштар аз айлыкка чыдай албай кетип калышат. Ал эми бул жерде иштегендер орточо 15-20 миңдин тегерегинде айлык алышат.
«Атасын, апасын көмүүдөн баш тарткандар бар…»
Моргдун сырты жана ичи кээде буулугуп ыйлаган адамдардын үнүнө толсо, кээде гана тынчтык өкүм сүрөт. Марат Моношов 23 жылдык тажрыйбасында, көптөгөн адамдарды анын ичинде жакындарын көмүүдөн баш тарткандарды да жолуктурган:

«Менин практикамда көп таң калыштуу учурлар болот. Эң кейиштүүсү кээде кыргыздар эле жакындарын көмүүдөн баш тартып коюшат. Бул биздин маданиятка өөн учураса да болуп турган көрүнүш.»
Бул эскилиги жеткен эшиктин артындагы бөлмөдө каза болгон адамдардын сөөгү бар. Жакындап келгенде, бул бөлмөдөн мурун чыдагыс жыт чыгып турат.
Дал ушул бөлмө бул жердеги бардык жыттын булагы сыяктуу. Ал эми Марат Моношов баштаган кызматкерлер «жыт мурунга сиңип калат экен…» деп бул нерсеге нааразы боло беришпейт.
«Өлүккананын сыртында»
Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун сыртында да адамдар үзүлбөйт.
Кээ бирлери жакын туугандарынын сөөгүн алганы келсе, кээ бирлери табылбай жүргөн жакындарын да издеп келишет. Анткени, ооруканадан сыртта каза болгондордун баары бул жакка алынып келинет.
Жакындары табылбагандардын болсо атайын карточкасы түзүлүп, денесиндеги бардык белгилер жазылат.

Сырттан караган адамга коркунучтуу сезилгени менен Марат Моношовдун жумушу абдан тактыкты жана жоопкерчиликти талап кылат.
«Түшкү тамак»
Марат Моношов оор жана стресске бай жумуш күнүнүн ортосунда чогуу иштеген кесиптештери менен тамакка чыгат. Көбүнчө, жакын арадагы ашканалардан тамактанышса, кээде өзү иштеген жердеги кичинекей кафеге барышат.
Тамак үстүндө, ар кандай кептерден сөз кылып отурушат. Марат Моношов кээде катуу чарчаганда өлүккана түшүнө кирсе да, бул нерсени жумуш деп кабыл алууга аракет кылат. Мындан сырткары, жубайы өзү да медайым болгондуктан үй-бүлөсү ишин колдоп турганына сүйүнөт.

Марат Моношов чын дилинен Кыргызстандын келечекте өнүккөн мамлекет боло турганына ишенет. Жалгыз көксөгөнү, мамлекет бул тарапка да көңүл буруп, кызматкерлердин айлыгын жогорулатса жаштар тартылып, Кыргызстанда соттук-медициналык эксперттердин саны көбөймөк деп ойлойт.

Узакка созулган жумуш күнү кечки саат 17:00дө аяктайт. Соттук-медициналык эксперт Марат Моношов жумушун тыкыр аткарып бүткөн соң үйүнө жол тартат.
Өлүм менен өмүр коштогон өмүрдө Марат Моношовдун кубанычы, коом үчүн керектүү кесипти аркалап, ак эмгек менен иштеп жатканы.

Автор: Гулиза Урустамбек кызы

Долбоор, MediaJasa проектинин алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жардамы менен ишке ашырылды. Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Follow Lucy Newton on Twitter and join the mailing list
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты