Сооронбай Жээнбеков: “Көп адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыгы үстөмдүк кылышын каалайт, бирок мен ага жол бербейм”

Сооронбай Жээнбеков: “Көп адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыгы үстөмдүк кылышын каалайт, бирок мен ага жол бербейм”

Бүгүн, 6-апрелде, Президент апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандар жана курман болгондордун туугандары менен жолугушуу учурунда ушинтип айтты. 

Жолугушууга «Мекен Шейиттери», «Эр Теги», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом», «Апрель байрагы»,  «Элдик сакчы», «Элдик кайрат», «Мекен үчүн», «Орток шамы» коомдук уюмдарынын,  «Патриот» ыктыярдуу элдик кошуунунун, жана «Каркыра» элдик кошуунунун өкүлдөрү катышты.

С. Жээнбеков Кыргызстан калыптануунун татаал жолун басып өткөнүн, экономикалык, саясий кыйынчылыктарды баштан кечиргенин белгиледи. Бирок бардык сыноолорго карабастан, Кыргызстан эли өз мамлекеттүүлүгүн сактап калды жана майтарылбас эркин көрсөттү.

«Кыргызстандын тарыхында бир максатка биригип, өз эркиндигин сактап калыш үчүн чогуу күрөшкөн мисалдар аз эмес. Элдик апрель революциясы мына ошондой баатырдык мисалдардын бири болуп саналат” деди Президент Сооронбай Жээнбеков, “2010-жылдын 7-апрели — кыргыз элине эркиндикке жана өнүгүүгө карай жол ачкан тарыхый окуя. Биздин эркиндикти сүйгөн элибиз үй-бүлөлүк-кландык башкаруу менен эч качан келишпестигин жана чөгөлөп жашабай турганын дагы бир жолу көрсөттү».

Апрель окуяларынын катышуучуларына кайрылып, мамлекет башчы алардын каармандыкты, эрктүүлүктү көрсөткөнүн белгиледи. “Сиздер өз өмүрүңөрдү аябастан өлкөнү кыйроодон сактап калдыңыздар. Сиздер мөндүрдөй жааган октон жалтанбай Ала-Тоо аянтында өлүмгө бетме-бет каршы турдуңуздар. Силердин эрдигиңер Кыргызстан элинин эсинде түбөлүккө сакталып калат», — деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктар Элдик апрель революциясынын баатырларын эч качан унутпасын баса белгиледи.

«Канча мезгил өтсө да бул окуялар эч качан унутулбасына ишенем. Тескерисинче, бул күнгө элибиз сый-урмат менен мамиле жасап, баатырлардын эрдиги кыргызстандыктарды жаңы жетишкендиктерге шыктандырат», — деп белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө бийлик айрым саясатчыларга эмес, элдин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек экенин баса белгиледи.

«Үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөштүн башатында турган адам катары мен 2010-жылдын апрелиндеги жеңиш кандай оорчулук менен келгенин билем. Ошондуктан Президент катары үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербеймин деп кепилдик берем. Көптөгөн адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үстөмдүк кылышын каалай турганын билем, бирок мен ага эч убакта жол бербейм. Биздин өлкөбүздө парламенттик демократия өнүгүшү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Биздин келечегибиз ушуга байланыштуу болот», — деп баса белгиледи Президент.

Жолугушууда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, коррупцияга каршы күрөш, парламенттик демократияны чыңдоо жөнүндө пикир алмашуу болду. Жолугушуунун катышуучулары коррупцияга каршы күрөшүү жана өлкө аймактарын өнүктүрүү боюнча Президенттин аракеттерин колдошту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты