Райымбек Матраимов кызматка Икрамжан Илмиянов аркылуу дайындалганын маалымдады

Райымбек Матраимов кызматка Икрамжан Илмиянов аркылуу дайындалганын маалымдадыМамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл ичинде «Райым миллион» атыккан Райымбек Матраимов кызматка экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов аркылуу дайындалганын маалымдады. Бул тууралуу 5-апрелде айрым басылмалар жазып чыгышты.

«2015-жылы Алмазбек Атамбаев жана досум Икрамжан Илмиянов аркылуу мен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалгам. Мен дайыма КСДПга пайдалуу болууга аракет кылып келдим. Азыр да өзүмдү партия менен бир командадамын деп эсептейм», — деген Матраимов. Ал ошондой эле журналисттерге айткан сөзүндө экс-президент 31-марттагы маалымат жыйынында өзүн неге сындаганын түшүнбөстүгүн билдирип, мурда Алмазбек Атамбаев менен эч кандай пикир келишпестик болбогонун билдирген.

Райымбек Матраимов өзү иштеген мезгилде бажы тармагынан түшкөн киреше дайыма жогору болгонун белгилеп, 2017-жылы он айда 27 млрд. 700 млн. сомду мамлекеттик бюджетке түшүргөнүн, бул өкмөт койгон пландан дээрлик 300 млн. сомго көп болгонун айткан.

Райымбек Матраимов өткөн жылдын аягында өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты