Тойдон тоок этинен ууланышты

Тойдон тоок этинен ууланышты

 Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында 31-мартта үйлөнүү тоюна келгендер тоок этинен тай элинин рецепти боюнча даярдалган тамактан ууланганы белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөл борборунан билдиришти.      

Тооктун этинен жасалган тамакта сальмонелла бактериясы чыккан. Санэпидкөзөмөл борбору тоок этинен тамак даярдоодо жана аны сактоодо технологиялык эреже бузулганын аныктап чыгышты. “Ала-Тоо” ресторанында жугушсуздандыруу иштери жүргүзүлүп, ачылган кылмыш иши боюнча тергөө аягына чыкканча, ал жай жабылды.

“Ала-Тоо” ресторанындагы тойго баргандардан, акыркы маалыматтар боюнча, 204 киши жугуштуу дарттар республикалык ооруканасына кайрылышкан. Ошондой эле Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тойдон даам сызган тургундары уулануу белгилери менен жашаган жердеги дарылоочу жайларга кайрылышкан.

Сальмонеллез –бул негизинен тамак-аш ичкенден кийинки ичеги-карын инфекциясы. Сальмонелл бактериясы тышкы чөйрөдө узак жашайт. Сууда- 5 ай, эт, колбасада- 2-4 ай, тоңдурулган этте-6 айга чейин, куштун бүтүндөй этинде- 1 жылга чейин, сүттө — 2 күн, айранда — 2 ай, каймак майда -4 айга чейин, сырда 1 жылга чейин, жер кыртышында- 18 айга чейин.

Сальмонеллезге кабылган кишинин табы көтөрүлүп, алы кетип, башы ооруп, жүрөгү айланат, кусат, ичи ооруп, ичи өтүп шалдырайт.

Ошондуктан адамда мындай белгилер байкалган учурда дароо “Тез жардам” чакыруу керек экенин санитардык врачтар эскертет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты