Баткенден мумиё жыйнайм деп казакстандык жаран 3 күн жоголгон 

Баткенден мумиё жыйнайм деп казакстандык жаран 3 күн жоголгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылдын 1-апрелинде  Баткендин Ак-Сай айылынын 2 тургуну (1959-жылы туулган М.К. жана 1960-жылы туулган А.И.), Бишкек шаарынын тургуну (1960-жылы туулган Ж.С.) жана Казакстан жараны (1960 ж.т. Лю.А.) аталган айыл жанындагы Суксурлук тилкесине чатыр тигип, мумие жыйнаганга чыгышкан.

Үч жаран тигилген чатырга кайтып келген, Лю.А. белгисиз себептер менен кайтып келген эмес. Өз күчтөрү менен издеп, жыйынтык чыкпаган соң, 4-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымдашкан.

Жоголгон жаранды 20 куткаруучу издеп чыккан. 4-апрелде аталган аймакта жүргөн туристтерге жолуккан А. Лю уюлдук телефон аркылуу байланышка чыккан. Анын абалы канааттандырарлык. Андан сырткары, куткаруучулар жоголгон А. Люну Ак-Сай айылындагы Чек ара кызматына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына өткөрүп беришкен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты