Коррупция деңгээлин төмөндөтүү боюнча мыйзамга кол коюлду

Коррупция деңгээлин төмөндөтүү боюнча мыйзамга кол коюлдуБүгүн, 4-апрелде,  Президент Сооронбай Жээнбеков “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”  мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 22-февралында кабыл алынган. Анын максаты — мамлекеттик сатып алууларга катышкан кызмат адамдарынын арасында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү жана атаандаштыкты камсыз кылуу болуп саналат.

Азыркы учурда «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына ылайык, уставдык капиталга катышуунун критерийи боюнча аффилирленгендикти (аффилирленген—бул ишкердик менен алектенген юридикалык же жеке тарапка таасир көрсөтүүчү адам же уюм, мисалы ал компаниянын жетектөөчү органынын мүчөсү болсо -ред.) белгилөө үчүн юридикалык жакка карата ар кандай жак үчүн акциялардын 20 жана андан ашык жалпы санына ээлик кылуу укугу болуш керек. Бул негиздеме боюнча акциялардын 20 пайыздан азына ээ болгон жактар аффилирленген деп эсептелбейт жана аларга мыйзамда каралган чектөөлөр жайылтылбайт. Ошол себептен мыйзамда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин бешинчи абзацында аффилирленгендикти белгилөө үчүн акционердик коомдун акцияларынын жалпы санынын ичинен 20 жана андан ашык пайыздагы акцияларга ээлик кылуу фактысы болушу зарыл деген ченем алынып салынган.

Мыйзам күчүнө киргенден баштап саясый мамлекеттик кызмат орундарын, саясый муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, алардын жакын туугандары акцияларга ээлик кылуу үлүшүнө карабастан берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) түзүүчүлөрү жана (же) катышуучулары болгон учурда алар аффилирленген жак болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты