Нариман Түлеевдин апасы кайтыш болду

Нариман Түлеевдин апасы кайтыш болду

Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин апасы Чынар байбиче кайтыш болду.

Бишкек шаарынын экс мэри Нариман Түлеев фейсбуктагы өздүк баракчасына “Барса келбес сапарга узап кетип/ Батырдың баарыбызды күйүткө терең…” деп, апасынын кайтыш болгонун кабарлады жана “Эне жөнүндө баллада” ырынан мисал тартты:

“Тамчыдай денедеги сүтүң менен,
Талпынтып ак бешикке баккан энем.
Нуруңа, мээримиңе магдыраткан,
Маңдайда менин батпас күнүм белең.

Асыл энем, таалайым сенсиң энем,
Жыргалым сен, бакытым сен,
Сүйүктүү менин энем!”

деп жазды ал.  Бул ырдын сөзүн Сагындык Өмүрбаев жазган, обону Аксуубай Атабаевдики экенин эсиңиздерге сала кетели. .

Айта кетсек, Нариман Түлеевдин апасы Чынар байбиче 80 жашында дүйнөдөн өттү. Анын ысмынан “Чынар” дүр-дүйнө дүкөнү аталган.

Сүрөт: Н. Түлеевдин өздүк баракчасынан.    

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты