Youtube компаниясындагы атышуу 

Youtube компаниясындагы атышуу 

3-апрелде АКШдагы Сан-Бруно шаарында жайгашкан Youtube  компаниясынын баш кеңсесинде ок атышты. Ок аткан аялдын сөөгү табылды жана үч адам жаракат алган. 

Би-Би-Си телеканалы билдиргендей, Сан-Бруно шаарынын шеф-полициясы Эд Барберини жараланган үч адамдан сырткары бир аялдын сөөгү табылганын айтты. Маалыматтарга караганда ал аял өзүн-өзү атып салган.

Сан-Франциско шаарынын доктору Эндрю Кемпбелл ооруканага үч адам жабырланып түшкөнүн, алардын бирөөнүн абалы  оор экенин билдирген. Жаралангандардын арасындагы 36 жаштагы адам Си-Би-Эс телеканалынын маалыматы боюнча ок аткан аял менен жакын мамиледе болгон.  Полиция бул маалыматты тактай элек.

Ага чейин социалдык түйүндөрдө  Youtube каналында атышып жатышканын жазып чыгышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты