«Электр станциялары» ишканасынын башчылары кармалды

"Электр станциялары" ишканасынын башчылары кармалды

Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

"Электр станциялары" ишканасынын башчылары кармалды

УКМК 2-апрелде Бишкек ЖЭБинин, «Электр станциялары» ААКынын жана «Улуттук энерго холдинг» ААКнын бир топ кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 221 («Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы») беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кыдырбаев менен Бримкулов ушул кылмыш иши боюнча айыпталууда.

Коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, бул кылмыш иши Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча 30-январда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган.

Узак Кыдырбаев жана Темирлан Бримкулов учурда УКМКнын тергөө жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Булак: Азаттык

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты