Президентти жана башка бийлик жетекчилеринин коопсуздугун камсыздаган 9-кызматтын башчысы кызматтан алынды
- 6 лет мурун
- Маек
Бүгүн, 4-мартта, Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын башчысы Мусакеев Дамир Сагындыковичти берген арызына ылайык кызматынан бошотту.
Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын башчысы Мусакеев Дамир Сагындыковичти берген арызына ылайык кызматынан бошотту. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Улуттук Коопсуздук кызматынын 9-кызматы деген кандай кызмат? Айта кетсек, 9-кызматтын тарыхы 1992-жылдан башталат. Өлкөбүз эгемендик алгандан кийин анын кызматкерлерине өлкөнүн биринчи кызмат адамдарынын коопсуздугун камсыздоо милдети жүктөлгөн.
1990-жылы ал Улуттук Коопсуздук кызмат структурасынан бөлүнүп чыгып—Президентти кайтаруу башкармасы болуп калган. 1998-жылы Мамлекеттик күзөт кызматы түзүлгөн. 7-апрелдеги революциядан кийин 9-кызматты кайра УКМКга кайтарып беришкен. Азыр ал мамлекеттин бийлик структураларынын биринчи кызмат адамдарын кайтарат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана “Мамлекеттик күзөт кызматы” мыйзамына ылайык, 9-кызматтын кызматчылары Президентти, Премьер-министрди, Жогорку Кеңеш төрагасын жана Жогорку Сот төрагасынын коопсуздугун камсыздайт.
9-кызматтын иши тууралуу ЖМКга дээрлик маалымат берилбейт.