“Заноза” сайты менен Мавлян Аскарбековду соттогон Гүлчехра Оморова кызматтан алынды

“Заноза” сайты менен Мавлян Аскарбековду соттогон Гүлчехра Оморова кызматтан алынды

Бүгүн, 3-апрелде, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Г.Ч. Оморова Президенттин жарлыгы менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду.

Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, КР Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Г.Ч. Оморованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу тууралуу сунушунун, ошондой эле Конституциянын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”  конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктуна, 2-бөлүгүнө жана 28-беренесинин негизинде  Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Оморова Гулчехра Чыракбековна КР жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, соттогу судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту  Гүлчехра Оморова жыл башында фейсбук социалдык тармагына пост жазган Мавл,ян Аскарбековду жана “Заноза” сайтын да айыпка жыгып, өкүм чыгаргандыгы маалым.

Бир катар жарандар саясий чечим чыгарган жана коррупцияга аралашкан соттордун тизмесин жарыялап, алардын кетишин талап кылган. Алардын арасында Гүлчехра Оморованын да аты аталган эле.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты