Жети-Өгүздө гараждан 12 жашар баланын сөөгү табылды

  • 3 года мурун

Жети-Өгүз районунун Кабак айылында үйдүн гаражынан 12 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Kaktus.media Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 20-сентябрда болгон. Маркум үйүнүн гаражында өзү жасап алган бокс мүшөгү менен машыгып жатып, мүшөк асылып турган арканга мойну менен илинип калган. Аркан мойнуна чырмалышып калгандыктан, балага дем жетпей, ошол жерден каза болгон.

Анын сөөгүн гаражга отун алуу үчүн келген апасы кокусунан көрүп калган.

«Учурда экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша бул факты боюнча кылмыш иши козголуп-козголбосу билинет», — деп айтылат маалыматта.

Фото: иллюстративдик сүрөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты