Сооронбай Жээнбеков: “ИИМде коррупция жогору”

Сооронбай Жээнбеков: “ИИМде коррупция жогору”

КР Президенти  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде, ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алуу учурунда ИИМде коррупция деңгээли жогору экендигин айтты.

Министр  кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент С. Жээнбеков коррупцияга каршы ички иштер органдарында иш күчөтүлүп жаткандыгы байкалгандыгын белгиледи. “Бирок алдыга коюлган конкреттүү максаттарга жетиш үчүн дагы көп иштеш керек” деди.  Сооронбай Жээнбеков  милициянын иши мыйзамга гана негизделиш керек экендигин  белгиледи.

Мамлекет башчысы ИИМ системасында  коррупция деңгээли жогору экендигин, ошондой эле милиция кызматкерлеринин көп сандаган мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган статистикалык маалыматтарды келтирди. Коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча чара көрүп, калк менен тыгыз иштешүүнү талап кылды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-мартта өткөн СДПК съездинен кийин журналисттерге маалымат берип, Улан Исраилов өзүн кызматтан кетире тургандыгын айтты деп билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты