Депутаттык комиссия ЖЭБдеги  аварияны иликтеп бүттү

Депутаттык комиссия ЖЭБдеги  аварияны иликтеп бүттүБүгүн, 3-апрелде,  Бишкек Жылуулук-электр борборундагы авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өтүп, иликтөө корутундусунун долбоорун талкууламак. Бирок жакын арада кезексиз жыйын өткөрүп,  жыйынтык чыгаруу чечимине келишти.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примовдун айтымында, комиссиянын иликтөө корутундусунун долбоору даяр.

«Бирок Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо маселесине байланыштуу биз маалымат ала турган дагы бир топ адамдар бар экен, ошолорду толук уккан соӊ, анан бир чечимге келели. Мисалы, ошол кездеги энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаевге байланыштуу ар кандай сөздөр жүрүп, Бишкек ЖЭБ оӊдогон Кытайдын ТВЕА компаниясынын иштөө тармагы башка экен деген суроолор жаралууда Ошондуктан, анын өз оозунан маалымат уксак деген сунуш бар» деди ал.

Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталганын эске салган депутат Осмонбек Артыкбаев Кытайга эки делегация барганын билдирди.

«Мен билгенден, адегенде курамы 5 депутаттан турган делегация барып, ал жердеги ЖЭБ абалы менен таанышкан. Андан кийин Өкмөттөн Кытай өкмөтү тарабынан Бишкек ЖЭБди курууга сунушталган ТВЕА компаниясынын иши менен таанышуу тапшырмасы коюлган. Бир аптага жакын убакытта анын ишканаларынын абалы менен таанышып келдик. Ал компаниянын электр өндүрүү тармагына тиешеси жок болчу деген бекер кеп, чоӊ тажрыйбасы бар, биз аны өз көзүбүз менен көрдүк» деп, кийин Өкмөткө маалымат бергенин кошумчалады.

Осмонбек Артыкбаев буга чейин ТВЕА компаниясын Кытай тарап сунуштаганын белгилеген.

«Электр станциялары» ишканасы аны 3-4 компаниянын арасынан тандап алган. ТВЕА компаниясы сунуштаган баа кыйла алгылыктуу болгон. 1 киловатт энергиянын наркы болжол менен 1200-2000 доллар өлчөмүндө коюлса, ал компания 1287 доллардан баалаган. Бул туура эле баа. Анын үстүнө, Кытай тараптан берилген каражат жеӊилдетилген насыя болчу. Адистер Бишкек ЖЭБдин абалын иликтеп, 300 мВт электр кубатын өндүрсө болот деген тыянакка келген» деп кошумчалаган ал.

Бул маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жарыя кылды.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты