Ошто ооган гашишин сатуу менен алектенген топ кармалды

  • 3 года мурун

Ош облусунда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан маңзат сатуу менен алектенген топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

«Ош — Алай трассасынын 5-чакырымында “Дэу-Матиз” үлгүсүндөгү унааны токтотуп, тинтүү жүргүзгөн учурда унаанын багажынан баңгизат салынган баштык табылган. Ошондой эле айдоочу менен унаанын ичиндеги эки жүргүнчүнү текшерген учурда алардын жанынан дагы маңзат табылган. Алынган заттардын 2 килограммдан ашык афган гашиши экени белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 267-беренеси (“Сатуу максатын көздөп баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо”) боюнча катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү катары кармалган А. И., Т. В. жана К. Н. Ош шаардык №5 тергөө абагына киргизилди.

ИИМдин маалыматына ылайык, кармалгандардын экөө мурда соттолгон.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты