Кубанычбек Кумашов кызматынан бошотулду

Кубанычбек Кумашов кызматынан бошотулду

Бүгүн, 3-апрелде,  Премьер-министр Сапар Исаков   Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашовду кызматынан берген арызынын негизинде бошотту.

Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Кечээ, 2-апрелде, Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов 217 млн сомдук коррупцияга тиешеси бар деген негиз менен УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга 2 айлык мөөнөт менен камалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты