Салык кызматынын жетекчи орун басары Кумашов 217 млн сомдук коррупция үчүн камалды 

Салык кызматынын жетекчи орун басары Кумашов 217 млн сомдук коррупция үчүн камалды Кечээ, 2-апрелде,  Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы Салык кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Кумашовду 217 млн сомдук коррупцияга шектүү катары камады.  Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Кумашовдун иши 800 млн сомдук иштин бир бөлүгү катары каралууда. Ал 217 млн сом кошумча нарк салыгын  «Интеррустрейд» жана «Полларис» компанияларынан мыйзамсыз өндүрдү деп шектелүүдө. Азыр ал УКМКнын убактылуу кармоо жайында отурат.

Март айынын баш жагында 7 адам кармалган, алардын бешөө салык кызматынын кызматкерлери, экөө  «Интеррустрейд» жана «Полларис» компаниясынын кызматкерлери.

УКМК маалыматы боюнча компаниялар Кошумча нарк салыгын төлөдү деп отчет беришип, салыкты өздөрү төлөгөн болуп, кийин бул төлөмдөр мамлекеттин бюджетинен  орду толтурулуп турган.

“Мындагы схема боюнча Кытайдан импорттук товар алып кирген айрым юридикалык жактар салык кызматына кошумча нарк салыгын ашыра төлөгөндүгү тууралуу отчет берген” дейт УКМК.

“Өткөн жылдын март айында Баш прокуратура жана финансы полициясы кошумча нарк салыгын мамлекеттик бюджеттен төлөгөн коррупциялык схеманы ачышкан- мында мамлекеттик комиссия эки жыл ичинде аталган компанияларга 800 млн сомдон ашык чыгымын жаап берген”.

“2016-жылдан 2018-жылдын январь айына чейин мамлекеттик комиссия жалган экспорттук товар үчүн кошумча нарк салыгына карыз катары төлөп берип турган” дейт Башкы прокуратура.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты