Боомдогу жаныбарларды коргоо тактасы

Боомдогу жаныбарларды коргоо тактасы
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Бишкек-Балыкчы авто жолунун Боом капчыгайынын боюна Кыргызстандагы жапайы жаныбарларды коргоо жана мыйзамсыз аңчылык кылгандарга жаңы киргизилген айып пул көлөмүн маалымдаган маалыматтык жарнак орнотту.
Мамлекеттик агенттик жапайы жаныбарларды коргоо иштерди жүргүзүп келет. Алардын бири жапайы жаныбарларды коргоого жергиликтүү калкты тартуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 6 коомдук уюм бул багытта иш алып барып келишет. Алардын бири “Шумкар Төр” коомдук уюму. Бул уюм 2013-жылы жапайы жаныбарлардын санынын азайып баратышына кайдыгер карабаган, мекенчил Кемин районунун жергиликтүү калкынын эсебинен түзүлгөн. Аталган уюмдун ишмердигинин негизги максаты болуп аталган аймактагы жапайы жаныбарларды коргоо, алардын санынын көбөйүшүнө шарт түзүү жана экотуризимди өнүктүрүү болуп саналат.
Эске сала кетүүчү жагдай, Өкмөттүн 2017-жылдын 18- августундагы №501 токтомуна ылайык Кыргызстандын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнө келтирген зыян үчүн юридикалык жана жеке жактарга төмөндөгүдөй айып пулдар белгиленген:
Марал, аркар жана аюуну мыйзамсыз кармоо — 1 000 000 сом;
Илбирсти мыйзамсыз кармооо – 1 500 000 сом;
Эчки, текелерди мыйзамсыз кармоо – 100 000 сом;
Элик, сүлөөсүн же мадылды мыйзамсыз кармоо – 50 000 сом.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесине ылайык, ири зыян келтирүү менен мыйзамсыз аңчылык кылуу, эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмдөгү айып же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштери же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.
Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты