Саламаттык сактоо министрлиги эскертет: Курч мүнөз инфекциянын  алдын-алуу

Саламаттык сактоо министрлиги эскертет: Курч мүнөз инфекциянын  алдын-алуу

Кечээ жакында эле Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында тамак-аштан 179 киши ууланды. Ошого байланыштуу инфекциянын алдын-алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги эскертип, дарттын алдын-алуу кеңешин сунуштайт.

Курч мүнөз ичеги-карын инфекциялары (КИИ) – инфекциялык оорулардын кеңири таралган тобу. Диареянын (ич өткөк), интоксикациянын өнүгүүсү, ошондой эле көпчүлүк учурларда  козгоочулары көптөгөн бактериялар, вирустар тобу болуп саналган – организмдин суусуз калышы өңдүү ичеги-карын моторикасынын  бузулушу менен коштолот.

КИИ козгоочулары сырткы чөйрөдө туруктуу келип, колдордо, идиш-аяк, оюнчук, күндөлүк тиричилик буюмдарында, ошондой эле бейтап адамдын заңы менен булганган жер кыртышы менен сууда узак убакыт сакталат. Алардын айрымдары тамак-аш азыктарында бөлмө температурасында же  төмөнкү температураларда деле көбөйүүгө жөндөмдүү келишет.

Жугуунун негизги жолдору – фекалдык-оралдык,  тамак-аш, суу жана тиричилик жолдору, суу, күнүмдүк пайдаланылуучу буюмдары, оюнчуктар, бейтаптын инфекцияланган фекалиялары аркылуу. Айрым бир инфекциялардын жугуусуна курт-кумурскалар (чымын, таракан) чоң роль ойношот. Ичеги карын инфекциясынын жугушуна кир шарттар, өздүк гигиена эреже сакталбагандыгы, Даярдоодо жана сактоодо санитардык эрежелердин бузулулушуна жол берилген тамак-аш азыктары шарт түзөт.

Курч мүнөздөгү инфекциялардын негизги белгилери: дене табынын көтөрүлүшү, курсактагы сайгылашуулар жана ооруксунуу сезими, ич өтүү, көңүл айнуу, кусуу жана алсыроо.

КИИнин алдын алуу үчүн:

  1. Коопсуз тамак-ашты пайдалануу

Жашылча, жер-жемиш өңдүү азыктар жакшылап  жууп-тазалоону талап кылат. Азык-түлүктөр жууп-тазаланышы керек. Мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү пайдаланууга болбойт.

  1. Азыкты дыкат даярдоо

Куштун жана мал эттери жана сүт өндүү көптөгөн чийки азыктарга негизинен патогендик микроорганизмдер тарабынан урук ташталуусу мүмкүн. Кайнатуу (кууруу) процессинде бактериялар жок кылынат, бирок азык-түлүктүн бардык бөлүктөрүндөгү температура  70°С болууга тийиш. Эгерде сөөктөгү эт  чийки болсо, анда аны толук даяр болгуча кайрадан духовкага жайгаштырыңыз. Даярдап жаткан учурда, мейли мал же куш эттеринен тамган нагыз кызгылт эмес, тунук болуусу шарт. Тоңдурулган эт, балык жана куш эти кулинардык иштетүүлөр алдында толук эритилип алынуусу зарыл, азыкты бөлмө температурасында эритүүгө болбойт. Эт туура эритилиши үчүн аны тоңдуруучу камерадан алып чыгып, идишке же тарелкага салуу менен муздаткычтын төмөнкү бөлүгүнө жайгаштыруу абзел.

  1. Даяр болгон азыкты тезинен пайдалануу

Даярдалган тамак бөлмө температурасына чейин муздаган соң андагы микробдор көбөйө баштайт. Коопсуздукту сактоо үчүн даяр болгон тамакты дароо пайдаланыш керек.

  1. Тамак азыктарын жакшы сактоо

Даяр болгон тамакты бөлмө температурасында 2 сааттан көп кармоого болбойт. Эгерде даярдалган жана арткан тамак-ашты сактап койгуңуз келсе, анда ал ысык  (болжол менен 60°С) же муздак (муздаткычта) түрүндө сакталуусу зарыл.

Азыкты ал тургай муздаткычка дагы көпкө сактоого болбойт.

  1. Мурдатан даярдалан азыкты жакшылап ысытуу

Тамактанаар алдында дагы бир жолу азыкты ысытып алыңыз (андагы температура 70°Сдан төмөн болбоого тийиш). Даяр болгон азыкты ысык түрүндө кармаңыз (60° — 70°С дан төмөн эмес).

  1. Чийки жана даяр же колдонуу учурунда термикалык иштетүүгө алынганбаган (кант, нан ж.б.у.с.) азык-түлүктөр
  2. Туура сакталып жасалган азык чийки заттар менен аралашканда булгануусу ыктымал. Мындай кайчылаш булгануу, мисалы чийки эт менен даяр азыктын аралашуусунда ачык болуусу же төмөнкү учурларда көмүскө болуусу мүмкүн: мисалы, тууроо үчүн колдонулуучу бир  тактаны бардык учурларда эле колдонууга болбойт. Чийки жана бууга бышырылган (куурулган) азыктарды иштетүү үчүн бири-бири менен жалгашпай турган такта жана бычак колдонуу абзел. Бул сунушту аткарбасаңыз, азык-түлүктүн бузулушуна жана микроорганизмдердин көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн.
  3. Колду дайыма жууш керек

Дааратканага барып келгенден кийин колду таза жуубай туруп тамактанууга отурбаңыздар. Ошондой эле балык, эт же куштун этин туураган соң башка азыктарга киришерден мурда кайрадан колуңузду самындап жууңуздар. Эгерде колуңузда жарат бар болсо, анда аны ороп-таңыңыз же пластырь чаптаңыз.

  1. Ашкананы таза кармоо

Тамак тез булгана тургандыктан даярдоо үчүн пайдалануучу ар бир идиш жана башка буюм-тайымдар таза болушу керек.

  1. Тамак-ашты курт-кумурска, кемирүүчүлөрдөн оолак сактоо. Ал эми алардын коопсуз сакталуусун камсыз кылуу үчүн дыкат жабылуучу банкаларды (контейнерлерди) колдонуңуз.
  2. Таза суу ичүү менен катар эле тамак аш даярдоодо, идиш-аякты жууш үчүн дагы зарыл. Ичүү үчүн кайнак же бөтөлкөгө куюлган сууну пайдаланыңыздар.

Бул кеңешти Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымат иретинде таратты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты