Жогорку Кеңеш шайлоо жараянында дагы ишин улантат

  • 3 года мурун

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Талант Мамытов шайлоонун алдында депутаттар үчүн бир айлык тыныгуу жарыялоо жөнүндө токтомдун долбоорун добуш берүүгө койду.

Төраганын айтымында, 28-октябрдан 28-ноябрга чейин шайлоого аттанган депутаттар шайлоочулар менен жолугат.

Токтомго 60 депутат макул, 2 депутат каршы добуш берди.

Эл өкүлдөрүнүн арасында талаш-тартыш чыгып, айрым депутаттар парламент кийинки чакырылыш дайындалып келгенче чейин иштеши керек экенин айтышты.

Депутат Мирлан Жээнчороев бир айга чыгып кетүүнү туура эмес деп, шайлоочулар менен жолугушууга бир апта убакыт берүүнү, башка учурда иштөөнү сунуш кылды. Ушундай эле демилгени Айбек Осмонов жана Шайлообек Атазов да көтөрүп, токтомду кайра добушка коюуну суранышты.

Депутаттар Рыскелди Момбеков, Дастанбек Жумабеков шайлоого аттанган депутаттар парламенттин трибунасын үгүт ишине колдонуп кетиши мүмкүндүгүн айтып, бир ай сыртта иштөө туура болорун айтты.

Жыйынтыгында токтом экинчи жолу добуш берүүгө коюлуп, депутаттар үгүт жараянында дагы парламентте иштемей болушту.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты