Рязанда кырсыктаган төртөөнүн абалы оор   

Рязанда кырсыктаган төртөөнүн абалы оор   

2-апрелде Рязань облусунда жол кырсыгына учураган кыргызстандыктардын абалын билүү үчүн КР Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгү ал жактагы кыргыз диаспора өкүлдөрү менен барган.

Рязандагы облустук ооруканага оор абалда 4 кыргыз жараны жеткирилген. Алардын абалы абдан оор, денесинин бир нече жери сынып жана жабыркашкан.  Кырсыкка учураган оор абалдагы жарандар:

  1. З. уулу К. -1995 г.р.;
  2. Ж. уулу Ш. -1991 г.р.;
  3. А.С. -1979 г.р.;
  4. К. кызы Э.- 1990 г.р.

Жабыркагандардын калган төртөө Шацк шаарындагы райондук ооруканага жаткырылган. Алардын абалы жеңилирээк. Булардын тизмеси:

  1. М.Ж.. -1979 г.р.;
  2. А. М. -1990 г.р.;
  3. С. А. -1999 г.р.;
  4. Т. Г.- 1983 г.р.

Рязань облусунун милиция бөлүмү жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Россия Федерациясындагы кыргыз коомчулугу жабыркаган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү максатында акча чогулта башташты.

Бул тууралуу КР Миграция кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты