Россия актеру Станислав Садальскийге КР Маданият министринин жообу

Россия актеру Станислав Садальскийге КР Маданият министринин жообу

Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында өткөндө белгилүү орус актеру Станислав Садальский сөз сүйлөдү. Ал театрдагы түзүлгөн шарттарды сынга алып  жана ачуу, курч сөздөр менен маданият министринен имаратты оңдоп-түзөөнү талап кылды.  Буга КР Маданият министрлиги жооп берди.

Ч. Айтматов атындагы орус драма театрында белгилүү орус актеру Станислав Садальский сөз сүйлөп, театрдагы шарттарды сынга алды жана ачуу сөздөр менен маданият министринен имаратты оңдоп-түзөөнү талап кылды. Конок өзүн мындай тутушу жакшы эмес.

Маселенин маңызы боюнча төмөнкүдөй жооп берүүгө болот: Кыргызстан Россиядай бай өлкө эместиги эч кимге сыр эмес. Ошого карабастан, биз Орус драма театрын да, башка театралдык жамааттарды да, мамлекеттин бюджетинин мүмкүнчүлүгүнө жараша каржылап жатабыз. Театрлар каржылоонун жетишсиздигинен оор абалда, эгер мырза Садальский министрликтин көзүн бул маселе боюнча ачып койдум деп ойлосо, анда ал терең жаңылышат.

Кыргыз Республикасынын жетекчилиги орус тилинин улуу маданияттын тили катары маанисин терең түшүнөт. Ошондуктан өлкөдө Орус драма театрындай маданий мекемелер иштеп турат. Мырза Садальский Россия бюджетинен орус тилин жана орус маданиятын чет өлкөлөрдө, мекендештерди колдоого деп бөлүнгөн чоң каражаттардын кайда жумшалып жаткандыгына жана башка маанилүү  маселелерге кызыкса болмок. Алар кайсы жактарга сарпталууда?

Ошол акчалардын четинен театрга көмөк  көрсөтүү  үчүн  бөлүп берсе эмне үчүн  болбосун? Айта кетчү жагдай: орус-кыргыз мамлекеттер аралык комиссиянын акыркы отурумда Кыргызстан дал ушул Орус драма театрын колдоо тууралуу маселени көтөргөн, бирок бүгүнкү  күнгө чейин так жооп алган жок. Албетте, атамекендик театрлардын абалы, биринчи кезекте, биздин өзүбүздүн  көйгөйүбүз  болуп эсептелинет. Жаңы Өкмөтүбүз конокторубуз ойлорун кандай гана одоно түрүндө билдирбесин, маселелерди чечүүдө. Ал эми мырза Садальскийге айтарыбыз: биз анын Бишкекке келгенине ыраазыбыз жана кайрадан көргөнгө  кубанычтабыз.

Бул маалыматты КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз  кызматы жарыя кылды.

Ал эми кечээ, 2-апрелде, Чынгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында Татьяна Васильева менен Станислав Садальскийдин бенефиси болгон. Орус актеру С. Садальский көрүүчүлөргө кайрылып, Кыргызстанда публика мыкты, бирок актерлордун грим жасаган жайы абдан начар абалда экенин, микрофондор иштебесин айтып, Кыргызстандын маданият министри мунун баарын оңдобосо, түрмөгө отургузуш керек экенин орой түрдө айтканын “Кактус-медиа” сайтына окурмандар кабарлаганы жарыяланган эле.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты