Гуламжан Анарбаев Материалдык резервдер фонд төрагалыгынан бошотулду

Гуламжан Анарбаев Материалдык резервдер фонд төрагалыгынан бошотулду

Премьер-министр Сапар Исаков Анарбаев Гуламжан Сатбалдиевичти КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы кызматынан бошотту.

Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмү билдирди.

Г. Анарбаевдин кызматтан бошотулганынын себеби айтылган жок.

Ал 49 жашта.  Ош облусунун Кара-Суу  районунун Төлөйкөн айылында туулган. Буга чейин милицияда, финансы полициясында жооптуу кызматтарда иштеп келген. Материалдык резервдер фондунун төрагалыгына 2016-жылдын декабрь айында дайындалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты