Маршруттук таксинин кээ бири каттап жатат

Маршруттук таксинин кээ бири каттап жатат

Бүгүн, 3-апрелде, Бишкекте кээ бир багыттардагы маршруттук таксилер каттап жатат. Кечээ маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, бир күн кечке жумушка жумушка чыкпай коюшканы маалым.

Айдоочулар иш таштап, 2-апрелде бир күн кечке маршруттук такси айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Бүгүн, 3-апрелде, айрым каттамдар боюнча маршруттук такси иштей баштады.

Бишкек шаардык Ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, азыр мобилдик топ иштеп, коомдук транспорт ишине көзөмөл жүргүзө башташты.

2-апрелде эртең менен Бишкекте маршруттук такси айдоочулары иш таштап, жумушка чыгышпаганы маалым. Алар камсыздандыруу полисин кийинкиге калтыруу, жол акысын 15 сомго көбөйтүү, айдоочулардын бирдиктүү жумушчу кийимин киргизбей коюу талабын коюшкан.

Өкмөт башчы Сапар Исаков кечээ өкмөттөгү жыйында шаар калкын коомдук унаа менен камсыз кылуу боюнча бир катар көйгөйлөр бар экенин белгилеп,  бирок мыйзам баарына бирдей экенин, жарандардын коопсуздугу үчүн айдоочулардын эч кимисине артыкчылык берилбесин кошумчалаган.

Маршруттук такси айдоочуларынын иш таштоосунун себептерин айтып, премьер министр мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан расмий эмес акча чогултуу тууралуу маалыматы бар экенин да белгилеген.

“Айрыкча Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Транспорт инспекциясынын иши тууралуу айта кетейин. Менин маалыматым боюнча, транспорттук ишкананын ар бир бригадасы аталган инспекцияга расмий эмес жыйым иретинде айына 3 миң сомдон берип турат” деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы Транспорт жана жолдор министри Ж. Калиловго бир жуманын ичинде көрүлгөн чара тууралуу маалымат берүүнү тапшырган.

С. Исаков транспорттук компаниялар мындан тышкары жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине да айына 5 минден төлөп тураарын айткан.

“Дагы көптөгөн расмий эмес жыйымдарга, алсак, жүрүү схемасына да төлөшөт, ал эми бул документ акысыз эле берилиш кере. Ошондой эле жүргүнчү салууга, машина токтотуучу жайга, ар бир рейске акы төлөнөт. Чакан автобус айдоочулары текшерүүчү бардык органдарга акы төлөшү керек. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына жана Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматына маалыматтарды текшерүүгө берем. Эгер маалыматтар тастыкталса, анда ал жетекчилер токтоосуз кызматтан кетет” деген.

Премьер-министр расмий эмес төлөмдөр жеке компаниялардын нааразычылыктарын жаратканын белгилеген.

“Коомдук транспорт көйгөйүнө комплекстүү карап, расмий эмес жыйымдарды азайтып, камсыздандыруу документтеринин талапка ылайык болушун, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздаш керек, борбор шаардагы коомдук транспорт менен камсыздоо системасын кайрадан карап чыгып, автобустарды ишке киргизүү жагын тездетүү керек” деген Сапар Исаков.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты