Уран Ахметов юстиция министринен бошотулду

Уран Ахметов юстиция министринен бошотулду3-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Уран Ахметовдун отставкасын кабыл алып, юстиция министри кызматынан бошотту.

КР Конституциясынын 87-беренесинин  1-бѳлүгүнүн, “Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жѳнүндѳ” Конституциялык мыйзамдын 24-беренесинин 4-1-бѳлүгүнүн негизинде Ахметов Уран Түлөндиевичтин отставкасы кабыл алынып, юстиция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин, 2-апрелде премьер-министр Сапар Исаков У. Ахметовдун арызын кабыл алып, президентке аны бошотуу тууралуу сунуш киргизген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты