Зилалиевге кылмыш иши козголот

Зилалиевге кылмыш иши козголот

Мамлекеттик мүлк фондусунун мурунку жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевге  Кылмыш Кодексинин 228-беренесинин 1-пункту «террорчулук боюнча жалган маалымат берүү»  боюнча кылмыш иши козголмокчу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Өткөн жылдын 24-мартында өлкөдө президенттик инаугурация башталганы жатканда Тынчтык проспектиси жана Москва көчөлөрүндө жарылуучу зат бар деп маалымат берди деп ИИМдин курсанты УКМКга билдирген. Кийин ал курсант айткан мамлекеттик номерлүү машина Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени белгилүү болгон.

Өз кезегинде Д. Зилалиев ИИМдеги курсант кызга “Бомба бар дебестен, формаңыз жакшы экен” деп айткам деп түзөткөн.

УКМК бул кылмыш ишти Башкы прокуратурага андан ары иликтөөгө тапшырды,  сот карап, тиешелүү өкүмдү чыгармакчы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты